2019-жылдын 9-августа саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
45 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2019-жылдын 9-августунда Кыргызстанда абдан ысык аба-ырайы күтүлөт, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жала-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 36-38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

2019-жылдын 9-10-августунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 1-август күнү №02-34/701-Т жана 8-август күнү №02-34/720-Т телефонограммалары чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2019-жылдын 9-август күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Ош шаары

         2019-жылдын 8-август күнү саат 17:16да Черемушка кичи районунун Бобур көчөсүнүн №16 турак үйдөн өрт чыгып, өрттүн кесепетинен Бобур көчөсүнүн №14, №18 жана Моминов көчөсүнүн №207/2, №211, №209 барак тибиндеги турак үйлөрүнө өтүп 6 турак үй толугу менен күйүп кеткен, жалпы аянты 2500 ч.м.

         Ош шаардык №12 АӨКБдан 2 бөлүм, №13 АӨКБдан 2 бөлүм, №85 ӨКБдан 1 бөлүм, №109 ӨКБдан 1 бөлүм, ККББнын ыкчам тобу (КБП), жалпы 6 бөлүм тартылган.

Мындан сырткары жашылдандыруу ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, тез жардам кызматынан 2 бригада, РЭТ мекемесинен 1 бригада, шаардык газ ишканасынан 1 бригада жана  ИИМден 10 кызматкер тартылган.

         Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 18:22де чектөөгө алынып, саат 20:00дө толук өчүрүлгөн.

Ош шаардык башкармалыгы тарабынан 4 чатыр (2 даана 10 орунду, 2 даана 30 орунду) орнотулуп электр энергиясы менен камсыз кылынды.

 

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 8-август күнү саат 21:09да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

                    I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.    Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 34 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 45 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     3-АӨКБ

1 б

1 12:52 13:03 13:28 13:48 15:30 Свердлов району. Бакай–Ата конушу, Анар көчөсү. Ачык аянтта 700 ч.м куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 1ствБ
2.     7-АӨКБ

1 б

1 14:24 14:36 14:41 14:52 15:31 Свердлов району. Ауэзов менен Путепроводный көчөлөрүнүн кесилишинде 50 ч.м  куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби:  тамеки тартуудагы этиятсыздык. 1ствБ
3.     28-АӨКБ

1 б

1 17:04 17:19 18:42 19:19 19:50 Ленин району. Чоң-Арык айылы. Мүрзөнүн аймагында 8 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
4.     5-АӨКБ

1 б

1 17:24 17:46 17:50 17:54 18:14 Октябрь району. Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан “Гареев” атындагы ботаникалык бакчанын аймагында 150 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5.     4-АӨКБ

1 б

1 17:43 18:16 18:49 19:20 19:48 Ленин району. Чоң-Арык айылы. Мүрзөнүн аймагында 4 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
6.     2-АӨКБ

1 б

1 19:21 19:29 19:35 20:02 20:27 Свердлов району. Львовский көчөсү №32. Короодо 40 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
7.     4-АӨКБ

1 б

1 б

1 20:41

 

20:41

20:45

 

20:45

20:51 21:19 21:46

 

21:18

Ленин району. Л. Толстой көчөсү №104/3. Ачык аянтта 40 ч.м. таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 3ствБ
8.     4-АӨКБ

1 б

1 б

3-АӨКБ

1 б

5-АӨКБ

АЛ

1 00:34

 

01:38

01:44

 

01:49

00:38

 

01:51

01:57

 

02:00

02:03 06:41 07:05

 

07:05

04:09

 

02:31

Ленин району. Чүй проспекти №164. Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетинин 48 ч.м. көргөзмө бөлмөсү толугу менен, 18 ч.м. жыгыч шыбы, 4 ч.м. жыгыч дубал жана 8 ч.м. жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

1зв ГДЗС

9.     5-АӨКБ

1 б

1 02:38 02:45 жеткенге чейин 03:12 Биринчи Май району. Бөкөнбаев көчөсү №131. Короодо 50 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
10.       7-АӨКБ

1 б

1 05:45 05:55 06:17 06:36 07:00 Октябрь району. Алтын-Ордо конушу.  Ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 1ствБ

Ош шаары

11.       12-АӨКБ

1 б

1 б

13-АӨКБ

1 б

1 б

85-ӨКБ

1 б

109-ӨКБ

1 б

2-чакыруу 17:08

 

17:10

17:12

 

17:15

17:30

 

17:17

 

17:15

 

17:17

17:22

 

17:28

17:41

 

17:30

18:23 20:00 20:39

 

20:18

20:25

 

20:08

20:13

 

20:11

 

Бобур көчөсү №14, 16, 18. Моминов көчөсү №207, 209, 211. Жалпы аянты 2500 ч.м. болгон 6 турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 8ствБ

Чүй облусу

12.       21-АӨКБ

1 б

1 07:33 07:39 бөлүм жеткенге чейин 07:51 Токмок шаары. Комсомольская көчөсү. Ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
13.       5-ӨКБ

1 б

1 11:40 11:52 12:12 12:37 12:52 Кемин району. Ак-Бекет айылы, Кашаганов М. атындгы орто мектептин аймагында 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол

каражат

14.       28-АӨКБ

1 б

1 12:36 12:52 12:59 14:17 14:33 Аламүдүн району. Заречный айылы. Ачык аянтта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
15.       2-ӨКБ

1 б

1 12:43 12:52 13:23 13:58 14:15 Панфилов району. Кайыңды шаары. Ачык аянтта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
16.       5-АӨКБ

1 б

1 17:22 18:14 19:16 19:29 20:39 Аламүдүн району. Кой-Таш айылы. Ачык аянтта 12 га куураган чөп жана чабылган арпанын орду күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
17.       22-АӨКБ

1 б

1 18:10 18:17 18:24 18:29 18:55 Жайыл району. Кара-Балта шаары, Ленин көчөсү. Ачык аянтта 10 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
18.       21-АӨКБ

1 б

1 19:48 19:56 21:33 22:14 22:43 Токмок шаары. Токтогул көчөсүндө жайгашкан мүрзөнүн аймагында 20 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
19.       23-АӨКБ

1 б

1 00:16 00:32 01:43 01:59 кийинки өрткө кеткен Сокулук району. Шалта айылы. Ачык аянтта 15 га  чабылган арпанын орду күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
20.       23-АӨКБ

1 б

1 02:00 02:12 02:25 02:35 03:00 Сокулук району. Кара-Сакал айылы. Ачык аянтта 3 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

21.       34-ӨКБ

1 б

1 13:00 13:04 13:09 13:55 14:55 Түп району. Түп айылы, Осмонов көчөсү №96. Ачык аянтта 0,15 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

22.       16-АӨКБ

1 б

1 22:45 22:55 жеткенге чейин 23:05 Нарын шаары. Ат-Башы көчөсү. Жолдун жээгинде “Субару Легаси” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусу

23.       17-АӨКБ

1 б

1 22:52 23:02 23:24 01:04 01:55 Талас району. Көк-Токой айылы, Райымкул айылы №11. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 75 ч.м. чатыры жана 150 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ств

Ош облусу

24.       25-АӨКБ

1 б

1 б

1 14:24

 

15:04

14:32

 

15:14

14:36 15:47 16:15

 

15:58

Кара-Суу району. Кара-Суу шаары.  Нурахунов көчөсү. Кампада 400 кг кездеменин калдыктары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
25.       25-АӨКБ

1 б

1 б

1 17:54

 

18:02

17:57

 

18:08

18:06 19:06 19:58

 

18:59

Кара-Суу району. Сарай а/а, Киров айылы, Ала-Тоо көчөсү №98. Жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу бастырманын 35 ч.м. чатыры, 2 м3 отун жана 30 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
26.       71-ӨКБ

1 б

1 19:42 19:55 20:05 20:25 20:35 Ноокат району. Мирмахмудов а/а, Мирмахмудов айылы, Аэропорт көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 100 ч.м. чатыры жана 1 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

27.       58-ӨКБ

1 б

1 08:59 09:04 09:06 09:21 09:40 Жалал-Абад шаары. Спутник кичи району, Абдукаимов көчөсү. Ачык аянтта 0,4 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.  1ствБ
28.       58-ӨКБ

1 б

1 11:34 11:40 11:42 12:20 12:30 Жалал-Абад шаары. Спутник кичи району, Абдукаимов көчөсү. Ачык аянтта 1,5 га  куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
29.       57-ӨКБ

1 б

1 14:58 15:16 15:19 16:02 16:50 Таш-Көмүр шаары. Бишкек-Ош унаа жолунун 446 чакырымында ачык аянтта 600 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
30.       55-ӨКБ

1 б

1 16:24 16:34 16:36 16:55 17:02 Ноокен району. Масы а/а, Масы айылы, Бабур көчөсү.  Короодо 30 боо кебез отуну күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол

каражат

31.       58-ӨКБ

1 б

65-ӨКБ

1 б

1 23:55

 

00:07

00:06

 

00:20

00:13 02:12 02:15

 

02:32

 

 

Сузак району. Ырыс а/а, Лавлан-Кара айылы, Ташиев көчөсү №11. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 40 ч.м. чатыры, жыгач усундуу тунуке жабылган сарайдын 44 ч.м. чатыры жана 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 3ствБ

Баткен облусу

32.       74-ӨКБ

1 б

1 12:28 12:42 13:25 13:53 14:55 Лейлек району. Исфана шаары, Алмазар тилкеси. Ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
33.       26-АӨКБ

1 б

1 14:28 14:37 14:50 14:5 7 15:58 Баткен району. Бужум айылы, Матисламов көчөсүндө жайгашкан облустук оорукананын аймагында 800 ч.м. куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду:

 

Ош шаары

8-августунда Ак-Буура дарыясына 1 аял киши (аты-жөнү такталууда) чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. Издөө иштери 9-август күнү улантылат.

 

Чүй облусу

Токмок шаарында 8-августунда саат 10:59да КР ӨКМнин №21 АӨКБ куткаруучулар Ленин көчөсүндө жайгашкан №356 үйдүн 34-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Талас облусу

Талас шаарында 8-августунда саат 17:44тө  КР ӨКМнин №17 АӨКБ куткаруучулар 1-Май көчөсүндө жайгашкан №38 үйүнүн 1-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Батирдин ичинен 1939-жылы туулган Д.Л. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

 

Ош облусу

Чоң-Алай районунда 7-август күнү Түндүк Кымыздык мөңгүсүнө Россия Федерациясынан келген 6 турист эс алганы барышкан.

Мөңгүдөн түшүп келе жатып 1988-жылы туулган Р.Л. аттуу жаран бутун сындырып алып куткаруучулардан жардам сурап кайрылган. Бүгүн саат 16:10до РӨКОдон 7 куткаруу тартылып, саат 22:10до Карамык айылына жетип түнөп калышкан.

9-август иш-чара улантылат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here