Жарандык коргонуу жаатында окуулар өткөрүлдү

0
17 просмотров

КР ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунда 2019-жылдын 6-8-август күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй Ысык-Көл облустарынын райондук, шаарларынын Жарандык коргонуу кызматтарынын штаб башчыларына окуу өткөрүлдү.

Окуулар бекитилген программага ылайык: “Кыргыз Республикасынын ЖКМС анын иштөө режимдери, Жарандык коргонуу жаатындагы укуктук-ченемдик актылар, Жарандык коргонуу уюштуруу жана жүргүзүү, Жарандык коргонуу иш-чаралар пландары, Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жана мындан сырткары авариялык, куткаруу иш-чаралрын жана башка кечиктирилгис иштерди жүрүгүзүүнү камсыздоо жумуштары, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандар жана терроризмге каршы иш-чаралар”.

Бул окуунун максаты өзгөчө кырдаалдардан коргоо иш-чараларынын мерчемдерин түзүү, Жарандык коргонуу иш-чараларынын пландарын өздөштүрүү болуп саналат.

Окуулар түштүк аймагы боюнча Ош шаарынын Учар айылындагы, ал эми түндүк аймагы боюнча Ленинское айылындагы окуу борборлордо өткөрүлдү.

Окуунун жыйынтыгында Жарандык коргонуу кызматттарынын штаб башчыларына көрсөтмө куралдар жана өткөрүлгөн сабактардын материалдары электрондук жүктөлмөлөрүнө өткөрүлүп берилип, өтүлгөн сабактын жыйынтыгы менен тестирлөөдөн өткөрүлүп борбордун атайын сертификаттары тапшырылды.

Окуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан 2019-жылга бекитилген КР ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун 2019-жылга Комплектөө мерчеминин негизинде өткөрүлдү.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here