2019-жылдын 15-августа саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат” заблокирована 2019-жылдын 13-августа саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
77 просмотров

 Шашылыш билдирүү!!! 

Узакка созулган кургак жана ысык аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 15-августа жана 16-августа түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.  Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 15-августа күндүз жана 16-августа түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 15-16-августунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 9-август жана 13-август күндөрү №02-34/722-Т жана №02-34/730-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.    Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 37 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 41 бөлүмү тартылган.

 

2019-жылдын 15-август күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын  тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

 

Ысык-Көл облусу

Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагында  2019-жылдын 14-август күнү Кызыл-Туу айылында жааган жамгырдын кесепетинен Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, дамбаны бузуп 4 турак үйдүн огородун каптап, ички чарбалык көпүрөгө жана Балыкчы Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 57-чакырымындагы көпүрөгө коркунуч жаралган.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Тоң райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 самосвал, №10 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 самосвал, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, 1 самосвал.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Тартылган техникалардын жардамында дамбаны бекемдөө жана суунун нугун буруу иштери жүргүзүлүүдө.

 

Жети-Өгүз районунун Тамга айыл аймагында 2019-жылдын 14-август күнү Тосор айылында жааган жамгырдын кесепетинен Тосор суусунун деңгээли көтөрүлүп Сырт өрөөнүнө баруучу ички чарбалык унаа жолдун 400 метр аралыгын жараксыз абалга келтирип, жол каттамы жабылган. Мындан сырткары унаа өтүүчү көпүрөгө жана 1 даана жогорку чыңалуудагы электр мамычасына коркунуч жаралган.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Жети-Өгүз райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзүшкөн. 15-август күнү райондук ЖК комиссиясы жерине чыгышат.

 

Ысык-Көл районунда 2019-жылдын 9-август күнү саат 11:30 чамасында Ананьево айылында Чет-Бай-Соорун тоосунун боорунда ачык аянтта куураган чөп жана бадал, карагайлардан өрт чыккан.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 9-августан 14-августка чейин КР ӨКМнин куткаруучулары, жергиликтүү тургундар жана токой чарбасынын кызматкерлери тарабынан өрттү өчүрүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, 14-август күнү саат 09:00дө өрт толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 4 га.

 

Нарын облусу

Ат-Башы районунун Казыбек айыл аймагында 2019-жылдын 14-август күнү жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Коюн суусунун деңгээли көтөрүлүп, Казыбек-Жаңы-Күч ички чарбалык унаа жолундагы көпүрөгө коркунуч жаралган.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Ат-Башы райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу, №957 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 манипулятор,  1 бульдозер, 1 манипулятор, айыл аймактан 2 экскаватор, 2 самосвал жана жергиликтүү тургундардан 10 адам.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Тартылган техникалардын жардамында саат 21:00дө көпүрөнүн 2 тарабы бекемделип коркунуч жоюлган.

 

2019-жылдын 14-августу саат 08:00дөн 15-август саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.    3-АӨКБ

1 б

1 11:49 12:03 12:10 12:16 12:50 Свердлов району. Энергетиктер шаарчасы. №7 көп кабаттуу турак үйдүн күн чыгыш тарабында 200 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2.    5-АӨКБ

1 б

1 б

1 14:21

 

14:27

14:29

 

14:33

14:37 15:20 15:37

 

15:29

Октябрь району. Матросов көчөсү.  фирманын аймагында 60 ч.м. куураган чөп жана жүргүнчү ташуучу 3 автобус (үлгүсү такталууда) күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
3.    4-АӨКБ

1 б

1 б

6-АӨКБ

1 б

8-АӨКБ

суу таш-ч

ШТАБ

1 15:54

 

16:00

16:03

 

16:03

 

16:10

16:00

 

16:05

16:12

 

16:14

 

16:22

16:54 18:57 19:19

 

19:13

18:00

 

18:01

 

17:55

Биринчи Май району. Д.Сяопин жана Каруль туюк көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан мүрзөдө 20 га куураган чөп жана камыштар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 4ствБ
4.    2-АӨКБ

1 б

 

1 16:09 16:18 16:22 16:34 16:34 Свердлов району. Коллективный көчөсү. Турак үйдүн короосунда жалпы аянты 16 ч.м. болгон очоккана жана таштандылар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5.    5-АӨКБ

1 б

 

1 20:29 20:34 20:46 21:01 21:10 Свердлов району. Бөкөнбаев жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта 120 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

6.    15-ӨКБ

1 б

1 02:30 02:56 03:00 10:56 11:18 Москва району. Беловодское айылы, Калинин көчөсү. Турак үйдүн короосунда 800 түк чөп жана 1 тонна кык күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
7.    2-ӨКБ

6-куткар.

1 07:30 11:00 22:00

13.08.19ж.

чектөө

бер-ген

19:30 23:15 Панфилов району. Фрунзе а/а, Чалдовар айылы. Ашмара тоосунда 150 га куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
8.    8-АӨКБ

1 б

1 11:29 11:48 11:52 12:09 13:25 Аламүдүн району. Маевка айылы, Жапаров көчөсү. Ачык аянтта 300 ч.м. куураган чөп жана 3 түп бак күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
9.    23-АӨКБ

1 б

1 14:35 14:46 15:02 15:08 15:47 Сокулук району. Сокулук айылы, Комсомол көчөсү. Ачык аянта 50 ч.м.куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
10.           23-АӨКБ

4-куткар.

1 14:46 15:08 15:16 15:21 15:40 Сокулук району. Жакынкы-Арал айылы.  Арал орто мектебинин аймагында 30 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
11.           22-АӨКБ

1 б

1 14:47 14:55 15:24 16:34 17:05 Жайыл району. Кара-Балта шаары, Жданов көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын жана мончонун 88 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
12.           28-АӨКБ

1 б

1 16:19 16:42 жеткенге чейин 17:45 Аламүдүн району. Арчалы айылы, Көчөков көчөсүндө ачык аянта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
13.           15-ӨКБ

1 б

1 16:45 17:09 17:19 19:26 19:55 Москва району. Петровка жана Жайыл районунун Полтовка айылдарынын ортосунда ачык аянтта 1 га малдын кыгы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
14.           23-АӨКБ

1 б

1 17:15 17:35 17:42 18:00 18:15 Сокулук району. Белек айылы. Иппадромдун  аймагында 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
15.           22-АӨКБ

1 б

1 17:45 17:50 18:05 18:10 18:25 Жайыл району. Кара-Балта шаары, Западный көчөсү. Ачык аянтта 50 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
16.           5-АӨКБ

1 б

1 17:53 жеткенге чейин 18:16 Аламүдүн району. Көк-Жар а/а, Таштар-Ата дачасында куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчкөн.
17.           7-АӨКБ

1 б

 

1 20:15 20:30 20:46 20:49 21:10 Аламүдүн району. Рухий Мурас калктуу конушунун түштүк тарабында ачык аянтта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
18.           28-АӨКБ

1 б

5-АӨКБ

1 б

 

1 20:19

 

20:56

20:34

 

21:15

21:27 22:03 22:10

 

21:24

Аламүдүн району. Таш-Дөбө а/а, Орто-Сай айылынын түштүк тарабында мүрзөнүн жана ачык аймакта 5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. кол каражат
19.           7-ӨКБ

1 б

 

1 21:30 21:45 22:40 22:50 Сокулук району. Төмөнкү-Чүй айылы, 3-бөлүм жер тилкесинде 80 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
20.           5-АӨКБ

1 б

1 21:36 21:48 23:00 23:05 23:29 Аламүдүн району. Кара-Жыгач айыл аймагы. Ачык аянтта 5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

кол каражат

21.           2-ӨКБ

1 б

 

1 22:02 22:20 01:14 02:00 02:40 Панфилов району. Вознесеновка жана Эфронос айылдарынын аралыгында ачык аянтта 40 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
22.           23-АӨКБ

1 б

1 б

1 04:38

 

05:00

04:56

 

05:20

05:36  

 

06:48

Сокулук району. Военно-Антоновка айылы, Школьный көчөсү. Турак үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 2ствБ
23.           24-АӨКБ

1 б

1 03:15 03:25 03:30 03:40 04:45 Токмок шаары. Промзона аймагында жайгашкан “Курулуш монтаж Максат” компаниясына караштуу 24 ч.м. смала күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
24.           15-ӨКБ

1 б

 

1 05:11 05:16 05:57 05:59 06:13 Москва району. Беловодское айылы, Ленин көчөсүндө жайгашкан электр зым карагайы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош облусу

25.           53-ӨКБ

1 б

1 14:38 15:05 18:20 19:35 20:05 Өзгөн району. Төрт-Көл а/а, Шоро-Башат айылы, Кырк-Күңгөй жер тилкесинде ачык аянтта 150 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
26.           53-ӨКБ

1 б

1 15:34 15:39 15:43 15:50 16:05 Өзгөн району. Өзгөн шаары, Манас көчөсүндө жайгашкан унаа токтоотуучу жайда  “Деу-Матиз” үлгүсүндөгү унасынын фарасы жана кароолчунун 4 ч.м. бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
27.           66-ӨКБ

1 б

1 17:30 17:52 19:19 20:53 21:30 Кара-Кулжа району. Кашка-Жол а/а, Октябрь айылы, Бостон көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 150 ч.м. чатыры, 600 түк чөп жана 2 тонна тезек күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

28.           20-АӨКБ

1 б

1 07:54 08:01 08:19 08:22 09:08 Жалал-Абад шаары. Нагорный көчөсү. Ачык аянтта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
29.           59-ӨКБ

1 б

1 15:45 16:22 жеткенге чейин 18:39 Сузак району. Кызыл-Көл а/а, Кашка-Терек айылы. Ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчкөн.
30.           20-АӨКБ

1 б

1 16:22 16:28 16:30 17:15 17:30 Жалал-Абад шаары. Курманбек көчөсү. “Абил” ЖЧКнын аймагында жыгач устундар жана жыгач калдыгы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
31.           20-АӨКБ

1 б

1 17:51 18:05 жеткенге чейин 18:25 Жалал-Абад шаары. Дача кичи району. Ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчкөн.
32.           20-АӨКБ

1 б

1 01:28 01:35 01:39 01:50 02:10 Жалал-Абад шаары. Мырзакүл-Болуш көчөсүндө ачык аянтта 0,20 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

33.           19-АӨКБ

1 б

1 13:30 13:45 13:47 13:58 15:10 Балыкчы шаары. Тору-Айгыр көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 24 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыналуусу. 1ствБ
34.           19-АӨКБ

1 б

1 16:37 16:41 16:55 17:10 18:06 Балыкчы шаары. Лесной көчөсү. Турак үйдүн бөлмөсүндө жумшак керебет жана төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

35.           45-ӨКБ

1 б

1 14:35 15:10 15:15 15:35 16:15 Ат-Башы району. Ак-Моюн айылы, Аманкулов көчөсү. Фин түрүндө салынган турак үйдүн 12 ч.м. жыгач дубалы жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыналуусу. 1ствБ

Баткен облусу

36.           62-ӨКБ

1 б

1 00:13 00:15 00:16 00:58 01:15 Кызыл-Кыя шаары. 1-кичи району, Кыргызстандын 60 жылдыгы көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 20 ч.м. болгон жашылча-жемиш дүкөнү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
37.           108-ӨКБ

1 б

1 03:49 04:55 жеткенге чейин 08:05 Лейлек району. Жаңы-Жер а/а, Достук айылы, Ленин көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган  турак үйдүн 20 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

 Куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Бишкек шаары

Ленин району. Жал кичи районундагы №80 үйдүн жанында 2012-ж.т. А.А. аттуу жаш баланын колуна темир тосмонун учтуу темири сайылып калган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, баланын колунан темирди чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

 

Ош облусу

Кара-Суу району. Коммунист айылында эгин талааларынан келген суулар Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан 1 турак үйдүн жер төлөөсүн каптаган. Жерине КР ӨКМнен 4 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамында сууну сордуруп беришкен.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here