Таш-Көмүрдө мектепке чейинки мекемелерде өрткө каршы иш-чараларды уюштурулууда

0
28 просмотров

2019-жылдын 15-августу күнү Таш-Көмүр шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Таш-Көмүр шаарынын   № 14  “Үмүт” балдар бакчасында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуу шаардык билим берүү башкармалыгы менен 2019-жылга карата мектептерде, балдар бакчаларында өрттү алдын алуу боюнча макулдашылган мерчемге ылайык уюштурулду.

Анын жүрүшүндө балдар бакчасынын кызматкерлерине, тарбиялануучуларына өрт же өзгөчө кырдаал учурундагы аракеттер, мекемедеги өрт коопсуздук чаралары, жаш балдардын от менен ойноосунан келип чыгуучу өрт кырсыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана өрт өчүрүүнүн ыкмалары үйрөтүлдү.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

 

 

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here