Жети-Өгүз районунда суусунун деңгээли көтөрүлдү

0
26 просмотров

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга айыл аймагында 2019-жылдын 14-август күнү Тосор айылында жааган жамгырдын кесепетинен Тосор суусунун деңгээли көтөрүлүп Сырт өрөөнүнө баруучу ички чарбалык унаа жолдун 400 метр аралыгын жараксыз абалга келтирип, жол каттамы жабылган. Мындан сырткары унаа өтүүчү көпүрөгө жана 1 даана жогорку чыңалуудагы электр мамычасына коркунуч жаралган.

КР ӨКМнин Жети-Өгүз райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу жеринде тактоо иштерин жүргүзүшкөн.

15-август күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жерине иш алып барат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here