2019-жылдын 15-августа саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
52 просмотров

Шашылыш билдирүү!!!

Узакка созулган кургак жана ысык аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 16-августа түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.  Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 16-августа түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 16-августунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 9-август күнү №02-34/722-Т жана 13-август күнү №02-34/730-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2019-жылдын 16-август күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо  кар жаашы күтүлөт. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 16-август күнү саат 02:22де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында 2 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.    Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 30 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

2019-жылдын 15-августу саат 08:00дөн 16-август саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.    28-АӨКБ

1 б

1 07:39 07:49 07:57 09:20 09:38 Ленин району. Арча-Бешик конушу, Садырбаев-Магистральная көчөлөрүнүн кесилишинде 60 ч.м.  дүкөн жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

1зв.

ГДЗС

2.    6-АӨКБ

1 б

1 б

1 09:58

 

10:05

 

10:02

 

10:11

10:15 11:13 11:24

 

11:46

Ленин району. Кайназарова көчөсү. Жыгач устундуу темир жабылган 70 ч.м. турак үйдүн чатыры жана 28 ч.м. жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Ош шаары

3.    109-ӨКБ

1 б

1 14:56 15:03 15:04 15:41 16:43 Туран кичи району, Эшматов көчөсү. Ачык аянтта 5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталуула. 1ствБ
4.    12-АӨКБ

1 б

1 б

13-АӨКБ

1 б

 

22:34

22:38

 

22:40

 

22:3722:44

22:45

 

22:50

 

23:53

 

00:05       23:47

23:30

 

 

Навои көчөсү. Навои эс алуу багында жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган администрациянын 80 ч.м. чатыры жана жанындагы 40 ч.м. ашкана күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 3ствБ

Чүй облусу

5.    15-ӨКБ

1 б

1 06:58 07:06 07:09 07:11

 

07:22 Москва району. Беловодское айылы, Крупская көчөсү. Электр мамыча күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
6.    15-ӨКБ

1 б

1 15:25 15:55 16:10 16:25 16:55 Москва району. Темен-Суу айылы, Исаева көчөсү. Үйдүн жанында таштанды таштоочу жайда 40 ч.м. таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
7.    28-АӨКБ

1 б

1 15:46 16:17 16:56 19:25 20:06 Аламүдүн району. Арчалы айылы. Ачык аянтта 700 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
8.    22-ӨКБ

1 б

15:57 16:08 16:16 17:00 17:20 Жайыл району. Алексеевка айылы, Калинин көчөсү. Мүрзөнүн аймагында 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда 1ствБ
9.    22-АӨКБ

1 б

1 20:45 20:55 21:00 21:08 21:20 Жайыл району. Кара-Балта шаары, Мира көчөсү. Ачык аянтта 30 ч.м. таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
10.           7-ӨКБ

1 б

1 02:30

 

02:49 03:40 06:10 07:00 Сокулук району. Дача-Көк Дарак айылы, Ромашка көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 100 ч.м чатыры жана  үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош облусу

11.           13-ӨКБ

1 б

1 11:35 11:52 12:11 13:00 13:30 Өзгөн району. Кызыл-Октябрь а/а, Ынтымак айылы. Ачык аянтта 3 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

12.           55-ӨКБ

1 б

1 13:15 13:32 13:40 14:30 15:07 Ноокен району. Ноокен а/а, Шалта айылы, Анарбаев көчөсү. Короодо  45 соток куураган чөп, 1 куб тактай, 1куб отун жана 100 боо пахта сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
13.           20-АӨКБ

1 б

1 17:08 17:16 17:18 17:27 17:43 Жалал-Абад шаары. Жеңиш кичи району, Миң-Өрүк көчөсү. Ачык аянтта 3 соток куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
14.           20-АӨКБ

1 б

1 17:46 17:52 17:55 18:10 18:29 Жалал-Абад шаары. Транспортная көчөсү. Ачык аянтта 6 соток куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
15.           65-ӨКБ

1 б

1 17:50 17:54 17:58 18:25 19:29 Сузак району. Сузак а/а, Кымыш Азиз айылы, Тылабаажы көчөсү. Пахтаны кайра иштетип чыгаруучу жайда 100 кг пахта күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
16.           94-ӨКБ

1 б

1 б

1 20:14

 

20:36

20:26

 

20:44

20:40 21:47 22:17

 

22:00

Жалал-Абад району. Кара-Көл шаары. Кулданбаев көчөсү. Ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
17.           83-ӨКБ

1 б

1 02:10 02:25 02:28 03:10 03:45 Жалал-Абад району. Майлы-Суу шаары, Пионерская көчөсү. Ачык аянтта 70 ч.м. бүлдүркөн күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

18.           107-ӨКБ

1 б

1 б

1 15:16

 

15:35

15:22

 

15:40

16:40 17:55 18:37

 

18:37

Кадамжай району. Кыргыз-Кыштак айылы, Ысык-Көл көчөсү.  Аянты 78 ч.м сарай жана 10 тонна 500 кг чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствА

3ствБ

 

19.           26-ӨКБ

1 б

1 18:53 18:58 19:08 20:17 21:07 Баткен району. Кара-Булак а/а, Бужум айылы, Бужум көчөсү. Жыгач  устундуу темир жабылган 90 ч.м. турак үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

20.           43-ӨКБ

1 б

1 21:07 21:30 21:51 22:57 23:40 Жумгал району. Баш-Кууганды айылы, Чикебаев көчөсү. Короодо 140 түк чөп жана 30 ч.м. эндей чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
21.           16-АӨКБ

1 б

1 б

1 00:08

 

00:13

01:00

 

01:00

01:40 Нарын шаары. Босого көчөсү. Короодо 2000 түк чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусу

22.           91-ӨКБ

1 б

1 21:12 21:52 22:02 22:12 23:33 Кара-Буура району. Ак-Чий а/а, Жоон-Төбө айылы. Ачык аянтта 11 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
23.           100-ӨКБ

1 б

1 23:33 23:43 23:58 02:30 03:00 Манас району. Кызыл-Жылдыз айылы, Солтокеев көчөсү. Короодо 500 түк чөп күйгөн.Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматы боюнча маалымат

 

Ош шаары

14-август күнү Араван-Ак-Буура каналына 1977-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Издөө иштерин улантуу үчүн 15-август күнү жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 10 куткаруучу тартылып, саат 14:09да суудан жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаарында 15-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 362-чакырымында (Көк-Бел ашуусу) Фура оор жүк ташуучу унаасы менен Мерседес-Спринтер  унаасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам (1988-ж.т. М.Э. жана 2004-ж.т. М.Р.) жеңил жаракат алышкан.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ош облусу

Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Газовый айылындагы унаа жолдо Хонда Степвагон унаасынын  айдоочусу унааны башкара албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1966-ж.т. И. М. аттуу эркек киши каза болгон.

Жерине  3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here