Жалал-Абад облусунун аймагында дыйкандарга өрткө каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

0
24 просмотров

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан дан эгиндерин жыйноо өнөктүгү бүтө элек аймактарда өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

2019-жылдын 15-августу күнү жогорудагыдай иш-чара Тогуз-Торо районунда жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кылкандуу дан эгиндерин жыйноо өнөктүгүнө катышкан айыл чарба техникалардын ээлерине, дыйкандарга өрткө каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Учурда облус аймагында 1 893 га жыйналуучу кылкандуу дан эгиндер аянты калды.

Өрткө каршы жүргүзүлгөн иш-чараларга карабастан, ушул кезге чейин Жалал-Абад облусунун аймагында кылкандуу дан эгиндер аянттарында 3 жолу өрт кырсыгы катталып, натыйжада 0,92 га аянттагы орула элек кылкандуу дан эгиндери жабыркаган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here