2019-жылдын 9-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат  

0
35 просмотров

Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт!

2019-жылдын 9-сентябрда күндүз жана 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп: 9-10-сентябрларда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 12…17°, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 17…22°, тоо этектеринде түнкүсүн 6…11°, күндүз 15…20°, 10-11-сентябрларда Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

11-12-сентябрь күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 6-сентябрь күнү телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.  Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 23 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 29 бөлүм тартылган.

 

9-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Чүй облусу

Панфилов району. 2019-жылдын 8-сентябрь күнү саат 18:51 чамасында Телман айылынын Гүлсара көчөсүнүн №24 дарегинде жайгашкан «Ак-Тилек» медресенин жатаканасынын чатырынан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жатакананын болжол менен 2000 ч.м. чатыры күйгөн. Медресенин кызматкерлери тарабынан жатаканада жаткан 200 окуучу эвакуацияланган. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Тартылган күч жана каражаттар:КР ӨКМнин Панфилов райондук  бөлүмүнүн башчысы, Панфилов райондук №2 ӨКБдан 2 бөлүм, Жайыл райондук №22 АӨКБдан 1 бөлүм, “Жунда Чайна Петрелиум” ЖЧКнан 1 бөлүм.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 21:43тө чектөөгө алынып, 9-сентябрь күнү саат 02:17де толук өчүрүлгөн.

 

2019-жылдын 8-сентябрдан саат 08:00дөн 9-сентябрга саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.      6-АӨКБ

1 б

1 13:25 13:32 13:42 13:51 14:11   Ленин району. Ден-Сяопин көчөсү №232, 234, 236 үйлөрүнүн короосунда 500 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2.      3-АӨКБ

1 б

1 13:48 13:59 14:05 14:11 15:26   Свердлов району. Ак-Тилек конушу, №275 тилкеси. Темир устундуу темир жабылган  кафенин 30 ч.м. чатыры жана 30 ч.м. шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3.      4-АӨКБ

1 б

1 б

5-АӨКБ

АЛ

1  15:35 16:06

15:35

                  15:44

16:16

15:48

   16:16     16:58     17:23  16:48  16:31

 

  Биринчи Май району.  Исанов көчөсү №37. Имараттын 10-кабатында аба алмаштыруучу түтүк күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол кар-т
4.      28-АӨКБ

1 б

1 18:04 18:12 19:26 20:11 20:53   Ленин району. Ч.Айтматов проспекти №303. Жер төлөсүндө 4 даана каракчы (пугало) күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

1ГТКК

5.      3-ӨКБ

1 б

1 19:06 19:16 19:39   Свердлов району. Жибек-Жолу көчөсү №491. Подъздде өрт чыккандыгы тууралу маалымат тастыкталган жок. 
Ош шаары
6.      13-АӨКБ

1 б

1 16:16 16:17 16:21 16:29 17:01   Раззаков көчөсү №50. Ачык аянтта 10 ч.м. куураган чөп  күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
                                                                                                                      Чүй облусу
7.      2-АӨКБ

1 б

1 14:42 14:58 15:26 15:47 16:16   Аламүдүн району. Төмөнкү Ала-Арча айылы, Логвиненко көчөсү. Жыгач устундуу темир жабылган сарайдын 30 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
8.      2-ӨКБ

1 б

1 17:23 17:42 20:50 21:01 башка өрт   Панфилов району. Курама а/а, Орто-Арык айылы. Ачык аянтта 60 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
9.      23-АӨКБ

1 б

1 б

1                17:47 18:03                    17:52    18:17      18:32           19:32        19:50   19:33   Сокулук району. Сокулук айылы, Линейное көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 15 ч.м. чатыры, 185 ч.м. бастырма толугу менен жана 150 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
10.  22-АӨКБ

1 б

2-ӨКБ

1 б

1 б

1  18:51

 

19:10 21:02

                    19:27

19:4721:40

                     21:43                    02:17                           00:50

02:40     02:40

  Панфилов району.  Телман айылынын Гүлсара көчөсүнүн №24 дарегинде жайгашкан «Ак-Тилек» медресенин жатаканасынын чатырынан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жатакананын болжол менен 2000 ч.м. чатыры күйгөн. Медресенин кызматкерлери тарабынан жатаканада жаткан 200 окуучу эвакуацияланган. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок. Өрттүн себеби такталууда. 4ствБ
11.  1-ӨКБ

1 б

1 19:35 19:55 жеткенге чейин 20:40   Аламүдүн району. ГЭС-3 конушу, ГЭС-3 көчөсү. Аянты 10 ч.м. кампа толугу менен күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда.
12.  15-ӨКБ

1 б

1 21:15 21:30 21:40 21:55 22:16   Москва району. Петровка айылы. Таштанды таштоочу жайда 15 ч.м. таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
13.  27-ӨКБ

1 б

1 01:15 01:39 01:50 01:57 02:35   Ысык-Ата району. Дружба айылы, Карл-Маркс көчөсү №16А. Жыгач устундуу щифер жабылган мончонун 6 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Баткен облусу
14.  62-ӨКБ

1 б

1 08:00 08:07 08:22 09:00 10:12   Кызыл-Кыя шаары. Борбодук базардын аймагында 27 ч.м. чайкана толугу менен куйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдардын кыска туташуусу. 2ствБ
Ош облусу
15.  64-ӨКБ

1 б

1 10:08 10:15 10:30 11:57 13:10   Араван району. Юсупов а/а, Нооруз айылы, Нооруз көчөсү №37. Короодо 140 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. 1ствБ
16.  25-АӨКБ

1 б

1 12:44 12:49 12:51 13:20 13:38   Кара-Суу району. Кара-Суу шаары. Кушбаков көчөсү №13. Ачык аянтта гараждын 1 ч.м. жыгач чатыры жана 5 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
17.  53-ӨКБ

1 б

1 б

1   13:19 13:45                        13:35   14:00      14:20           15:37         16:20 16:20   Өзгөн району. Жылалды а/а, Калта айылы. Ачык аянтта 12 га куураган чөп жана 50 дарак күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
18.  53-ӨКБ

1 б

1 17:33 17:50 18:07 18:30 19:10   Өзгөн району. Баш-Дөбө а/а, Кызыл-Кырман айылы. Ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
19.  88-ӨКБ

1 б

1 20:59 21:02 21:05 22:03 22:11   Чоң-Алай району. Чоң-Алай а/а, Кызыл-Туу айылы. Мончонун 30 ч.м. жуунучу бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби: мешти пайдаланууда өрт коопсуздук эреженин бузулушу. 2ствБ
20.  12-АӨКБ

1 б

1 21:41 21:54 21:59 22:53 23:25   Кара-Суу району. Кызыл-Кыштак а/а, Кызыл-Байрак айылы, 3-көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 4 ч.м. чатыры  күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
Нарын облусу
21.  42-ӨКБ

1 б

1 11:59 12:08 12:53 14:38 14:55   Кочкор району. Теңдик айылы, Дайырбек көчөсү №32. Короодо 500 түк чөп жана 200 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
22.  20-ӨКБ

1 б

1 14:42 14:47 14:49 15:08 15:15   Жалал-Абад шаары. Пушкин көчөсү №148. Ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
23.  70-ӨКБ

1 б

1 00:54 01:00 01:05 02:10 02:55   Аксы району. Кербен шаары, Алга көчөсү №1. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 24 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Талас облусу
24.  17-ӨКБ

1 б

1 00:48 00:51 жеткенге чейин 01:05   Талас шаары. Нуржанов айылы. Көмүр күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

 

 

Ош шаары Куткаруучулар Авиценна көчөсүндө жайгашкан №20А үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Баткен району. Куткаруучулар ЖЧК “Баткен-Мунай” шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.

Жалал-Абад шаары. Тайгараев айылынын Абдуллаев көчөсүнүн №4 үйүнүн бөлмөсүнө жапайы мышык кирген. Куткаруучулар мышыкты кармап сыртка алып чыгышкан.

Токмок шаары. Куткаруучулар 1-кичи районунда жайгашкан №23 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here