2019-жылдын 10-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат   

0
30 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2019-жылдын 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп:10-сентябрда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 12…17°, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 17…22°, тоо этектеринде түнкүсүн 6…11°, күндүз 15…20°, 10-11-сентябрларда Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

11-12-сентябрь күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 6-сентябрь күнү телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

10-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

  Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары

Ленин району. 2019-жылдын 9-сентябрь күнү саат 14:30 чамасында Ч. Айтматов проспектисинин №135 дарегинде (Киргизия-1 жаңы конушунун тушунда) №8 маршрутундагы жүргүнчүлөрдү ташыган  автобус менен “Шкода Октавия” жеңил унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен 4 эркек адам (2002-ж.т. Б.Б., 2002-ж.т. К.А., 2002-ж.т. Ж.Э., 2002-ж.т. А.Б.) каза болуп, 1 эркек адам (1989-ж.т. Б.А.), 3 аял киши (1960-ж.т. Б.Г., 2000-ж.т. А.кызы Н., 1998-ж.т. Т.Б.) жана 3 жаш кыз (2004-ж.т. Ж.Н., 2004-ж.т. Э.А., 2010-ж.т. М.Н.) жабыркаган.

КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан ыкчам тергөө тобу, Тез жардам кызматынан 4 бригада.

Куткаруучулар каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. 

I.Табигыймүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.    Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.

2019-жылдын 9-сентябрдан саат 08:00дөн 10-сентябрга саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.      4-АӨКБ

1 б

1 21:41 21:46 21:58 22:09 23:00   Ленин району. Л.Толстой көчөс, ашканасынын ичинде 2 ч.м. эмерек күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ств Б
Ош шаары
2.      29-АӨКБ

1 б

1 00:29 00:40 01:15 02:58 03:16   Амир-Тимур кичирайону, Кант көчөсү Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 10 ч.м. чатыры жана 32 ч.м. болгон бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ств Б
Ош облусу
3.      12-АӨКБ

1 б

1 12:32 12:43 12:53 13:10 13:27   Кара-Суу району. Кызыл-Кыштак а/а, Кызыл-Кыштак айылы, Дадабаева көчөсү  Жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 15 ч.м. чатыры жана 50 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ств Б
4.      25-АӨКБ

1 б

1 14:06 14:18 14:28 15:13 15:45   Кара-Суу району. Савай а/а, Кең-Сай айылы, Абдыжапар-Ата  көчөсү Короодо жыйылган 240 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ств Б
5.      68-АӨКБ

1 б

1 14:10 14:12 14:20 14:30 14:54   Алай району. Гүлчө а/а, Гүлчө айылы, Алмамбет-Датка көчөсү. Ветеринардык лаборторияга караштуу кудуктун ичинде 4 дөңгөлөк күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ств Б
6.      103-ӨКБ

1 б

1 20:46 20:58 20:05 21:23 21:50   Өзгөн району. Куршаб а/а, Гузар айылы. Ачык аянтта 0,2 га куураган чөп жана камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ств Б
Чүй облусу
7.      15-ӨКБ

1 б

23-АӨКБ

1 б

1 16:58

 

 

17:05

17:25

 

 

17:20

17:38 17:52 18:50

 

 

18:30

  Москва району. Александровка айылы, Фрунзе көчөсү Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 50 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ств Б
Нарын облусу
8.      16-АӨКБ

1 б

1 02:35 03:20 03:25 07:20 08:10   Нарын району. Жал-Булак айылы. Ачык аянтта жыйылган  2000 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ств Б
                         

Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду:

Ош шаары

Масалиев көчөсүндө жайгашкан №44 көп кабаттуу үйдүн лифттинин эшиги жабылып калып, ичинде 1998-ж.т. эркек адам калып калган. Куткаруучулар жеткенге чейин лифттин эшигин өз алдынча ачып алышкан.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here