Ат-Башы районунда суунун жээгин бекемдөө үчүн ӨКМден 330 габион торчолор бөлүнүп берилди

0
16 просмотров

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайынды айыл амагынын Ача-Кайынды айылында Кайынды суусунун жээгин бекемдөө иш чаралары жүргүзүлдү.

Атайын жээкти бекемдөө үчүн КР ӨКМнин тарабынан 110 даана габион торчолору бөлүнүп берилип, Ача-Кайынды айылынын тургундары тарабынан жасалууда.

Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы акарыл тургундар үчүн тамак ашы каржыланды.

Жээкти бекемдөөнүн негизинде 7 турак жай, унаа жолу жана көпүрө корголду.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек  айыл амагынын Казыбек  айылындагы Чет-Келтебек жана Кара-Коюн суусунун жээгин бекемдөө максатында , КР ӨКМнин тарабынан 220 даана габион торчолору бөлүнүп.

Казыбек  айылынын тургундарын тартуу менен Бүткүл дүйнөлүк азык тулүк программасынын менен биргеликте иш-чаралар жүргүзүлдү. Натыйжада 25 турак жай, унаа жолу жана көпүрө корголду.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here