Кырсыктардын тобокелин азайтуунун алкагында Ысык-Көл облусунда бир айлык белгилѳѳсү башталды

0
18 просмотров

Кыргыз Республикасынын Ɵзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин Ысык-Кѳл  облусу боюнча башкармалыгынын Ысык-Кѳл райондук ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмү тарабынан “Кырсыктардын тобокелин азайтуу” боюнча бир айлыктын алкагында Ысык-Кѳл районунун Чырпыкты, Булан-Сѳгѳттүү айылдарындагы бала бакчаларда, орто мектептеринде окуучулар жана мугалимдери менен кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча окутуулар уюштурулду.

Бир айлыктын негизинде окутуулар, машыгуулар жүргүзүлөт.

Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүн белгилѳѳнүн максаты, ѳлкѳдѳгү табигый кырсыктардын коркунучун тѳмѳндѳтүү чѳйрѳсүндѳ жалпы коомчулуктун билимин жогорулатуу, ѳзгѳчѳ кырдаалдарда калктын жүрүм турум саясатын түзүү, ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here