2019-жылдын 11-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
32 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2019-жылдын 11-12-сентябрь күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 6-сентябрь күнү №02-34/781-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2019-жылдын 11-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

  Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Ысык-Көл облусу

Каракол шаарында 2019-жылдын 10-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында шамал катталып (шамалдын ылдамдыгы такталууда) Масалиев, Мухтар, Нургазиева, Келечек көчөлөрүндөгү болжол менен 20 турак үйлөрдүн чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.

         Жарандык коргонуу комиссиясы жана  КР ӨКМнен ыкчам топ тарабынан жеринде аныктоо иш чаралары жүргүзүлгөн.

         Тактоо иштери 11-сентябрь улантылат.

 

Жалал-Абад облусу

Тогуз-Торо районунда аба-ырайы кескин өзгөрүп, кар күрткүлөрү пайда болуп жана жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө максатында, Тогуз-Торо РМАнын башчысы-акимдин 2019-жылдын 10-сентябрындагы оозеки буйругунун негизинде Тогуз-Торо–Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылган.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.    Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 2 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Ош облусу

1.    53-ӨКБ

1 б

1 18:24 18:40 18:48 Өзгөн району, Мырза-Аке айыл аймагы, Мырза-Аке айылында жеңил унаа күйгөндүгү тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Жалал-Абад облусу

2.    20-АӨКБ

1 б

1 б

1 17:15

 

17:27

17:22

 

17:34

17:23 18:28 18:44

 

18:28

Сузак району, Таш-Булак айыл аймагы, Таш-Булак айылы, Эргешов көчөсү №1, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 140 чарчы метр чатыры жана 150 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Нарын облусу

3.    45-ӨКБ

1 б

1 00:36 00:48 00:30 01:20 02:05 Ат-Башы району, Ак-Жар тилкеси, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 146-чакырымында оор жүкташуучу “Volvo” үлгүсүндөгү унаасынын прицебинин дөңгөлөгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болду:

Чүй облусу

Жайыл районунда 10 сентябрында саат 12:25де Орто-Суу айылынын Ниссан-Сефиро унаасынын айдоочусу рулду башкаралбай жолдон чыгып, бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен (2003-ж.т. К.Т. жана 2012-ж.т. А.А.) аттуу жаш балдар каза болгон жана (2002-ж.т. А. уулу А.) жабыркап Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

КР ӨКМнин №22 АӨКБ куткаруучулар каза болгондорду унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жайыл районунда 11-сентябрында саат 05:12 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 115-чакырымында Тойота Ипсум унаасынын айдоочусу рулду башкаралбай жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жабыркаган жана каза болгондор жок.  КР ӨКМнин ТККК куткаруучулар унааны тургузуп жолго чыгарып беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here