КР ӨКМдин облустардагы жана Бишкек, Ош шаарларынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башкы жана жетектөөчү адистери менен окуулар өткөрүлдү

0
39 просмотров

КР ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун 2019-жылга комплектөө Планынын негизинде, 2019-жылдын 10-12-сентябрь күндөрү КР ӨКМдин облустардагы жана Бишкек, Ош шаарларынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн (бөлүкчөлөрүнүн) башкы жана жетектөөчү адистеринин квалификациясын жогорулатуу менен биргеликте Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму боюнча окуу башталды.

Окуулар бекитилген программага ылайык төмөнкү темаларда өткөрүлүдө: “Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймагынын табигый кырсыктарга кабылдоосу боюнча жалпы обзор, КРдагы ӨКга баа берүү жана классификациялоо, КРнын Жарандык коргонуу мамлекеттик тутуму жана анын иштөө режимдери, коомдук жайлардагы өрт коопсуздугунун талаптары, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандары”.

Окуунун максаты, өзгөчө кырдаалдардан коргоо иш-чараларынын мерчемдерин түзүү жана Жарандык коргонуу иш-чараларынын мерчемдерин өздөштүрүү болуп саналат.

Жогоруда көрсөтүлгөн мерчемдин негизинде үч күндүк окуунун жүрүшүндө өтүлгөн окуулар боюнча тестирлөө жүргүзүлүп, өткөрүлгөн сабактардын материалдары жүктөлмөлөрүнө өткөрүлүп ошондой эле өк түрлөрүн камтыган ататйын таркатмалар берилет. Окуунун жыйынтыгында Борбордун атайын сертификаттары тапшырылат.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here