КР ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын өздүк курамы квалификациясын жогорулатуу боюнча окутууну өтүүдө

0
50 просмотров

        

2019-жылдын 9-сентябрынан тартып 12-сентебрына аралыгында КР ӨКМдин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучу курамы тарабынан КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүктөрүнүн “Кароол башчы” жана “Команда башчы” категориясынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча окуу өткөрүлүүдө.

         Окуунун жүрүшүндө өрттөн адамдарды куткаруу жана өзүн-өзү  куткаруу көнүгүүлөрү окуу мунарасында өткөрүлдү.

         Ошондой эле өрт өчүрүү үчүн күжүрмөн эсеп бөлүгүнүн күжүрмөн жайылтуу боюнча жана күжүрмөн кийимин убакытка кийүү боюнча практикалык жүзүндө көрсөтүлүп, дене-тарбия даярдыктарына баа берүү үчүн норматив боюнча зачет алынды.

         Окуу КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Балыкчы шаарынын ӨКБнүн №19 АӨККБнүн базасында жана Каракол шаарынын ӨКБнүн №15 АӨККБнүн базасында өтүүдө.

        КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here