2019-жылдын 17-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
67 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2019-жылдын 17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлерде  0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 12-сентябрь күнү №02-34/788-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген. 

2019-жылдын 17-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

2019-жылдын 16-сентябрдан саат 08:00дөн 17-сентябрга саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     6-АӨКБ

1 б

1 б

1 10:04

11:20

10:12

11:39

12:32 15:22 15:57

15:51

  Ленин району, Адышев көчөсү, Контейнердин 100 ч.м. жыгачтан ички шыбы жана 0,5 тонна материал калдыктары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Ош шаары

2.     109-ӨКБ

1 б

1 16:21 16:26 16:29 16:45 17:30   Нагорный көчөсү. Ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3.     85-ӨКБ

1 б

1 16:21 16:31 16:38 16:54 17:21   Абакир уулу Т. көчөсү. Ачык аянтта 6 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

4.     24-АӨКБ

1 б

1 08:25 08:55  — 10:50 11:30   Чүй району. Советский айылы, Восточный көчөсү. Совет орто мектебинин көмүр канасында көмүр түтөгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5.     7-АӨКБ

1 б

1 14:07 14:46 15:26 16:31 17:45   Аламүдүн району. Кара-Жыгач а/а, Меховщик дачасы. Кароосуз калган жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 60 ч.м. чатыры, 350  түк чөп жана 0,5 тонна буудай күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош облусу

6.     102-ӨКБ

1 б

1 10:12 10:30 10:34 11:55 12:17   Кара-Суу району. Нариман а/а, Тажик-Абад айылы, Тажик-Абад көчөсү. Жыгач устундуу тунике жабылган бастырманын 20 ч.м. чатыры, 100 түк чөп, 8 даана устун жана 20 метр рейка күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
7.     103-ӨКБ

1 б

1 17:09 17:28 18:25 18:48 19:18   Кара-Суу району. Жаңы-Арык а/а, Жаңы-Арык айылы. Ачык аянтта 30 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
8.     104-ӨКБ

1 б

1 18:03 18:33 18:47 19:36 20:15   Ноокат району. Кулатов а/а, Кызыл-Булак айылы. Жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 32 ч.м. чатыры, 30 даана шифер, 56 метр рейка жана 60 метр устун куйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. 1ствБ
9.     64-ӨКБ

1 б

1 00:13 00:27 00:37 00:50 01:27   Араван району. Нур-Абад а/а, Ленин айылы. Ачык аянтта 350 боо жүгөрү сабагы күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

10.  57-ӨКБ

1 б

56-ӨКБ

1 б

1 11:48

 

13:13

12:00

 

13:32

12:10 16:10 16:30

 

16:45

  Таш-Көмүр шаары. Чүйүт-Сай айылы, Базыл-Ата көчөсү. Короодо 450 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
11.  97-ӨКБ

1 б

1 12:03 12:10 12:15 12:40 13:10   Токтогул району. Жаңы-Жол а/а, Кара-Тектир айылы, Сыдык-Ата көчөсү. Турак үйдүн ичинде 4 ч.м жыгач полу, 2 даана терезе жана үй-тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
12.  55-ӨКБ

1 б

1 12:43 12:58 13:03 13:22 14:22   Ноокен району. Масы а/а, Сары-Сыя айылы. Турак үйдүн бөлмөсүнүн 24 ч.м. жыгач шыбы жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Баткен облусу

13.  26-АӨКБ

1 б

1 12:23 12:28 16:00 16:15 16:18   Баткен шаары. Султанмурат көчөсү шаардык орукананын көмүр канасында көмүр түтөгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
14.  107-ӨКБ

1 б

1 20:36 20:37 20:47 20:52 21:00   Кадамжай району. Кыргыз-Кыштак а/а. Кыргыз-Кыштак айылында көмөк чордон күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Талас облусу

15.  101-ӨКБ

1 б

1 18:22 18:27 18:50 18:55 19:56   Талас району. Чат-Базар айылы, Алапаев көчөсү. К.Токтогулов атындагы аймактык оорукананын административдик имаратында жылытуучу меш түтөгөн.  Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. кол каражат

2019-жылдын 16-сентябрь саат 08:00дөн 17-сентябрь саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Бишкек шаары

Свердлов району. Куткаруучулар Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан үйдүн, батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Биринчи Май району. Куткаруучулар Москва көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. 5 куткаруучу тартылган.

Нарын облусу

Нарын шаары. Кыска мөөнөттө жаап өткөн жаан чачынга байланыштуу Кенжеакунов көчөсүнүн дарегинде жайгашкан турак үйдүн  короосун суу каптаган. Куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп беришкен. 5 куткаруучу тартылган.

Жумгал району. Чаек айылынын Матыев көчөсүндө Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Куткаруучулар унаанын ичинен жабыркаган 1962-ж.т. Ч.А. аттуу эркек кишини чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылып

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here