Сузакта кырсыктардын тобокелдигин азайтуунун алкагында машыгуу өткөрүлдү

0
53 просмотров

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүнүн Сузак айылындагы №1 Мадумар–Ата орто мектебинде жана Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн ​ Дөмөр айылында жайгашкан Байэл базарында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу иш-чарасынын алкагында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, кырсыктардын алдын алуу жана коргонуу боюнча машыгуу өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө өрт колдонмо спорттук машыгуусу өткөрүлдү.​ ​ ​ ​ ​

Иш-чарага райондук Жарандык коргонуу кызматтары,​ айыл аймактар, мектеп окуучулары ​ жана ​ жергиликтүү тургундар тартылып, жалпы 1600 адам, алардын ичинен 100 мугалим 30 ата–энелер жана жергиликтүү жарандар катышышты.

Машыгуунун жүрүшүндө активдүү катышкан окуучуларга райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан кызыктыруучу белектерди ​ тапшыруу менен иш-чара жыйынтыкталды.​

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №225 буйругунда “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” деп белгиленген. 2019-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарлардында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүүлүдө.

Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүн белгилөөнүн негизги максаты -​ өлкөдөгү табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндө жалпы коомчулуктун билимин жогорулатуу, өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм турум саясатын түзүү, ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here