Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Жалал-Абад шаарында жөө жүрүшкө катышууда

0
36 просмотров

2019-жылдын 20-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад шаарында атайын Кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагында уюштурулган иш-чарада катышууда.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарлыгынын негизинде “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү” деп жарыяланып, 2019-жылдын 5-сентябрынан – 5-октябрына чейин кырсыктардын тобокелин азайтуу максатында республиканын баардык аймактарында бир айлык иш-чаралар уюштурулуусу пландалган.

Кырсыктардын алдын алуу жана азайтуу күнүн белгилөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, Жалал-Абад шаарынын тургундары менен биргеликте жөө жүрүшө өтүштү.

Иш чарага КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын өздүк курамы, райондук Жарандык коргонуу кызматтары катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу темасында жөө жүрүштүн катышкан мектеп окуучулары үчүн атайын асфальтка сүрөт тартуу менен бирге чатыр тигүү боюнча мелдеш уюштурулду.

Ал эми ӨКМнин куткаруучулары тарабынан баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттар менен өрт өчүрүү ыкмаларын көрсөтүп, жабырлануучуларды эвакуациялоо, өрт өчүрүү жана алгачкы жардам берүүнүн практикалык түрлөрү көрсөтүлдү.

Иш-чаранын катышуучулары үчүн оюн-зоок программалары менен аяктайт.

Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүн белгилөөнүн негизги максаты өлкөдөгү табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү, өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм турум саясатын түзүү, ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багыттылган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here