Кыргызстанда кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө арналган бир айлык алкагында

0
133 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” буйругунун негизинде,  Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен 2019-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин жана Бишкек, Ош шаарлардында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүүлүдө.

      Иш чаранын алкагында 19-сентябрында КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында жана райондук, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү.

       Ак-Суу районунун Жолголот, Маман айылдарынын орто мектептеринин 10-11-классынын окуучулары Каракол шаарындагы И. Ахунбаев атындагы медицина колледжи жана И. Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжинин студенттери келип катышышты.

       Ачык эшик күнүндө башкармалыктын өрт өчүрүү, куткаруу атайын автоунаалары, шаймандары жана материалдык базасы көрсөтүлдү жана райондук шаардык ӨКБрү тарабынан өзгөчө кырдааалдар учурунда өзүн-өзүн кантип сактоо жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү темасында буклеттер жасалып таратылды.

       Ошондой эле мерчемдин негизинде Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы орто мектебинде викторина жана сүрөт конкрустары өткөрүлдү.

Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүн белгилөөнүн негизги максаты —  өлкөдөгү табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндө жалпы коомчулуктун билимин жогорулатуу, өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм турум саясатын түзүү, ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багыттылган.

Бир айлыктын жүрүшү менен, өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоодогу аткарылып жаткан иш-аракеттердин актуалдуулугу көрсөтүлөт жана коомчулуктун коопсуздук маданиятын жогорулатууга өбөлгө түзүлөт.

Иш-чаранын алкагында табигый жана техногендик кырсыктарды алдын алуу, өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн алып жүрүү тууралуу окутуулар, бул багытта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аткарып жаткан аркеттери, орто билим берүү мекемелеринде “Өзгөчө кырдаалдын алуу коомчулуктун жана өспүрүмдүн ролу” темасындагы видеороликтин эң мыкты сценарийи сынагын жарыялоо, илимий-практикалык конференция, тегерек үстөлдөр, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу багытында талкуулар, атайын машыгуулар өткөрүлөт.

Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги, өздүк курам, жергиликтүү бийлик, жашоочулар, мектеп окуучулары, эл аралык уюмдар, облустук Жарандык коргонуу кызматтары катышат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here