КР ӨКМги тарабынан Ош шаарынын борбордук аянтында “Мен өзүмдүн жана жакындарымдын кырсыкка кабылышына кайдыгер эмесмин” аттуу ураан менен иш-чара уюштурулду

0
798 просмотров

2019-жылдын 23-сентябрында Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата иш-чара болуп өттү.

Маарекеге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрдин орун басары К.О.Ахматов, Ош шаарынын вице мэри А.А.Топчубаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Т.Ормонов, жарандык коргонуунун кызматтары, мектеп окуучулары, студенттер жана Ош шаарынын тургундары күбө болушту.

Айта кетсек, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” буйругун негизинде, 2019-жылдын 5-сентябрынан – 5-октябрына чейин кырсыктардын тобокелин азайтуу максатында республиканын баардык аймактарында бир айлык иш-чаралар уюштурулуусу пландалган.

КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын, мекеме уюмдарынын атыйын күч каражаттарын калкка пропагандалоо боюнча иш мерчеминин негизинде.

«Кары дебей жаш дебей кырсыктардын тобокелдигин алдын алууга  акылыбызды да күчүбүздү да аянбай жумшайлы» деди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрдин орун басары Калыс Ахматов.

 Дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүнөн улам, барган сайын өзгөчө кырдаалдардын саны көбөйүп баратат. Ошого карата кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүн белгилөөнүн негизги максаты өлкөдөгү табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү, өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм турум саясатын түзүү, ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багыттылган.

Жергиликүү тургундарга КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын “Куткаруу кызматы» Ош шаарынын жарандык коргонуу кызматынын жардамы менен кырсык болгон учурда жер титирөөдөн жабыркаган имаратта жабырлануучуларды  эвакациялоо, медициналык жардам көрсөтүү, жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды куткаруу жана башка алдын алуунун практикалык түрлөрү көрсөтүлдү.

Ошондой эле Ош шаарынын мектеп окуучулары үчүн “Мен өзүмдүн жана жакындарымдын кырсыкка кабылышына кайдыгер эмесмин” аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, активтүү катышуучуларга белектер тапшырылды. 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here