Кыргызстанда кырсыктардын тобокелин азайтуунун алкагында Чолпон-Атада жөө жүрүш уюштурулду

0
213 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” буйругунун негизинде,  Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен 2019-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин жана Бишкек, Ош шаарлардында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүүлүдө.

Бул иш-чаранын негизинде 25-сентябрында кырсыктардын тобокелин азайтуу  бир айлык иш-чараларынын алкагында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Ысык-Көл райондук ӨК бөлүмү тарабынан уюштурулган жөө жүрүш иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Ысык-Көл райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын өздүк курамдары жана күч каражаттары катышыш жана ошондой эле Чолпон- Ата шаарындагы орто мектеп окуучулары жана мугалимдери катышты.

Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүн белгилөөнүн негизги максаты —  өлкөдөгү табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндө жалпы коомчулуктун билимин жогорулатуу, өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм турум саясатын түзүү, ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

Бир айлыктын жүрүшү менен, өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоодогу аткарылып жаткан иш-аракеттердин актуалдуулугу көрсөтүлөт жана коомчулуктун коопсуздук маданиятын жогорулатууга өбөлгө түзүлөт. Иш-чаранын алкагында табигый жана техногендик кырсыктарды алдын алуу, өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн алып жүрүү тууралуу окутуулар, бул багытта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аткарып жаткан аркеттери, орто билим берүү мекемелеринде  “Өзгөчө кырдаалдын алуу коомчулуктун жана өспүрүмдүн ролу” темасындагы видеороликтин эң мыкты сценарийи сынагын жарыялоо, илимий-практикалык конференция, тегерек үстөлдөр, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу багытында талкуулар, атайын машыгуулар болмокчу.

Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги, өздүк курам, жергиликтүү бийлик, жашоочулар, мектеп окуучулары, эл аралык уюмдар, облустук Жарандык коргонуу кызматтары катышат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here