Ноокен районунда кырсыктардын тобокелдигин азайтууга тиешелүү иш-чара өткөрүлдү

0
190 просмотров

“Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” 1 айлык иш-чарасынын алкагында 2019-жылдын 24-сентябрь күнү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы Н.Исанов атындагы жатак мектебинде иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарага Жарандык коргонуу кызматтары, мекеме уюмдары жана мектеп окуучулары тартылып, жалпысынан  240дан  ашуун жарандын катышты.

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тийешелүү кызматтар менен биргеликте жабырлануучуну бийиктиктен түшүрүү жана куткаруу иштери  көрсөтүштү.

Шаардык мэриянын өкүлдөрү жана жергиликтүү жарандар тарабынан Жарандык коргонуу кызматтарынын ар биринин кызматтык техникалары жана күч каражатары көрсөтүлдү.

ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жарандардын суроолоруна жооп беришти. Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан жарандарга белектер берилди.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here