Кара-Көл шаарында кырсыктардын тобокелин азайтууга арналган окутуулар өткөрүлдү

0
156 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө  кырдаалдар министрлигинин буйругунун негизинде 23-сентябрь күнү Кара-Көл шаарынын  аймагында   иш-чара өткөрүлдү.

Шаардык №89 лицейде “Кырсыктардын тобокелин азайтуу” бир айлыктын алкагында практикалык сабактар өткөрүлдү.

Ар кандай кырсыктардан сактануу боюнча 60 студенттерге жана 20 окутуучуларга инструктаж өтүлүп, жеринде практикалык сабактар көрсөтүлүп,   авариялык куткаруу жана өрт  шаймандарын пайдалануу  боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле №8 Бабакан атындагы башталгыч  мектептин  17 окуучусуна жана 5 мугалимге өзгөчө кырдаалдар  учурунда өзүн-өзү алып жүрүү, жабырлануучуга алгачкы медициналык  жардам  берүү боюнча  көрсөтүлүп,  окуучулар  авариялык куткаруу жана өрт шаймандары менен таанышышты.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here