Аксыда кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлыктын негизинде жөө жүрүш акциясы болду

0
296 просмотров

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2019-жылдын 26-сентябрь күнү Кербен шаарынын борбордук аянтында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу  максатында иш-чара өткөрүлгөн.

        Иш-чарага Аксы районунун Жарандык коргонуу кызматтары, айылдык куткаруу командалары, айыл аймактардын башкаруу органдары, жергиликтүү тургундар, бей өкмөт (Юнисеф), ЖАГУнун Аксы районундагы колледжинин студенттери жана мектеп окуучулары, болжол менен 400 (төрт жүз) адамдын катышуусунда уюштурулду.

        Иш-чаранын жүрүшүндө, кырсыктардын тобокелин азайтууну жарыялаган жөө жүрүш уюштурулду жана Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин Аксы райондук бөлумүнүн куткаруучулары жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары кырсыктан жабыркаган жарандарды куткаруу иштерин көрсөтүп беришти.

        Бул иш-чара Аксы райондук мамлекеттик администациясы тарабынан жогорку деңгээлде өткөрүлдү деп бааланды.

        Жалал-Абад облусунун аймагында 2019-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейинки аралыкта кырсыктардын тобокелин азайтуу, бир айлыкты өткөрүү боюнча иш-чаралар” мерчеминин негизинде өткөн.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here