2019-жылдын 1-октябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
63 просмотров

Шашылыш билдирүү: абанын температурасы төмөндөйт!!!

2019-жылдын 1-2-октябрларда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында  -1…-3° үшүк, Нарын облусунун  дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 25-сентябрь  күнү №02-34/816-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген. 

2019-жылдын 1-октябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас  облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     3-АӨКБ

1 б

1 08:02 08:10 08:50   Свердлов району, Эркиндик  бульвары жана Киев көчөлөрүнүн  кесилишинде  имараттан түтүн чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат тастыкталган жок.
2.     4-АӨКБ

1 б

1 01:41 01:47 01:56 02:04   Леннн району, Турусбеков жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде электр зым карагайы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска тутташуусу. 1ствБ

Чүй облусу

3.     22-АӨКБ

1 б

1 05:38 05:47 05:54 06:15 06:37   Жайыл району, Кара-Балта шаары, 40-лет Киргизии көчөсү №15, батирдин 20 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.     5-ӨКБ

1 б

1 05:34 05:40 05:56 06:25 06:36   Кемин району, Кемин шаары, Бозоев көчөсү, мончонун 8 чарчы метр шыбы  күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

5.     12-АӨКБ

1 б

1 17:28 17:40 17:45 18:12 18:49   Кара-Суу району, Төлөйкөн айыл аймагы, Кыргызстан айылы, Душман у К. көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 30 чарчы метр чатыры жана аянты 40  чарчы метр бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Нарын облусу

6.     16-АӨКБ

1 б

1 11:36 11:40 жеткенге чейин 11:55   Нарын шаары, Кулумбаева көчөсү, Тойота үлгүсүндөгү унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү түтөгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

Баткен облусу

7.     31-АӨКБ

1 б

1 13:24 13:34 13:36 14:11 15:26   Баткен району, Ак-Сай айыл аймагы, Үч-Дөбө айылы, А.Жайнаков көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 40 чарчы метр чатыры, 200 саман түк жана 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствА

1ствБ

Жалал-Абад облусу

8.     73-ӨКБ

1 б

1 14:13 14:27 14:30 14:45 15:15   Ала-Бука району, Өрүктү айыл аймагы, Өрүктү-Сай айылы, ачык аянтта 50 сотка куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Октябрь районунда 30-сентябрында саат 17:05те КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 12-кичи райондо жайгашкан №69 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Октябрь районунда 1-октябрында саат 06:43тө КР ӨКМнин Бишкек шаардык  башкармалыгынын  Куткаруу кызматынын куткаруучулары 10-кичи райондо жайгашкан №22 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

Ат-Башы районунда 31-август күнү Ак-Жар айылынын тургуну 1942-ж.т Ш. Б. аттуу аял дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 17-сентябрь күнү КР ӨКМне түшкөн.

30-сентябрь күнү издөө иш-чараларын улантуу үчүн Ат-Башы райондук №45 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер тартылып.

Издөө иштери улантылууда.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here