2019-жылдын 2-октябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
95 просмотров

Шашылыш билдирүү: абанын температурасы төмөндөйт!

2019-жылдын 2-3-октябрларда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында  -1…-3° үшүк, Нарын облусунун  дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 25-сентябрь  күнү №02-34/816-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

 

2019-жылдын 2-октябрь күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

Жалал-Абад облусу

Тогуз-Торо районунда 2019-жылдын 1-октябрынан тартып жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Казарман-Жалал-Абад унаа жолунда (Сары-Кыр ашуусу) адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында Тогуз-Торо РМАнын башчысы-акимдин 2019-жылдын 1-октябрындагы №194-б буйругунун негизинде аталган унаа жол убактылуу жабылган.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     6-АӨКБ

1 б

1 07:20 07:33 09:00 09:15   Сокулук району, Селекция айылы, Кипкалов көчөсү, Орок  орто мектебинин көмүр кампасында 120 тонна көмүр күйгөн. Өрттүн  себеби: такталууда.

Жалал-Абад облусу

2.     20-АӨКБ

1 б

1 16:05 16:18 16:23 16:32 17:00   Сузак району, Ынтымак айыл аймагы, Ынтымак айылы, Типовой көчөсү, турак үйдүн 1 бөлмөсүнүн 20 чарчы метр шыбы жана 20 даана жууркан күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.     78-ӨКБ

1 б

1 01:34 01:50 02:00 04:44 05:00   Базар-Коргон району, Бешик Жоон  айыл аймагы, Баймундуз айылы, Омамыров көчөсү, короодо 10 машина чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
                                                                                                Ош облусу
4.     53-ӨКБ

1 б

1 19:05 19:08 19:13 19:20   Өзгөн району, Өзгөн шаары, Мухумий көчөсү, жолдун жээгиндеги электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Нарын облусу

5.     47-ӨКБ

1 б

1 20:15 21:08 21:09 21:25 23:15   Ак-Талаа району, Кара-Күрбөн айылы, короонун ичинде турган “АUDI C-4” унаасы толук күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6.     16-АӨКБ

1 б

1 04:05 жеткенге чейин 04:40   Нарын шаары, Ленин көчөсү №109, батирде электр эсептегич күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Биринчи Май районунда 1-октябрында саат 17:00дө КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №29 үйдүн жабылып калган батирдин эшигин ачып беришкен.

Свердлов районунда  2-октябрында саат 01:19до Алма-Ата көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 1 бала (2000-ж.т. А.Э.) чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн  КР ӨКМнин Бишкек шаардык  башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылган. Табышкан эмес.

Ош шаары

1-октябрында саат 16:43тө КР ӨКМнин Ош шаардык  башкармалыгынын  Куткаруу кызматынын куткаруучулары Нариман көчөсүндө жайгашкан №11 үйдүн короосуна арыктан кирген сууну тазалап беришкен. 

Нарын облусу

Кочкор районунда 29-сентябрь күнү 1972-жылы туулган А.Г. үй-тиричилик буюмдары менен Кочкор айылынын Соң-Көл жайлоосунда калып кеткен.

Күйөөсү КР ӨКМнин куткаруучуларга кайрылуунун негизинде.

Жерине  КР ӨКМнин №42 ӨКБ куткаруучулары тартылып, саат 07:07де аял кишини аман-эсен жайлоодон үйүнө түшүрүшкөн.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here