“Куткаруучунун бир күнү” аттуу иш-чарага мектеп окуучулары катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

0
39 просмотров

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде «5-октябрь Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө» карата өткөрүлдү.

Ачык эшиктер күнүнүн максаты: Табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү, өзгөчө кырдаалдардан сактануу жолдорун жана куткаруучунун тажрыйбасын калкка жайылтуу, өзгөчө кырдаалдарда калктын иш-аракеттерин системалаштыруу, ошондой эле кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталды.

Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында жайгашкан №3, №4 орто мектептери жана №28 Кесиптик лицейинин окуучулары КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун тарыхы менен таанышып, алгачкы медициналык жардам берүү, бийиктикте иштөө, куткаруу шаймандарын пайдалануунун ыкмаларын үйрөнүү менен бирге кырсыкты алдын алуу боюнча методикалык сабак алышты.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here