2019-жылдын 3-октябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
55 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2019-жылдын 3-октябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында  -1…-3° үшүк, Нарын облусунун  дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 25-сентябрь  күнү №02-34/816-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

 

2019-жылдын 3-октябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-октябрь күнү саат 12:37де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Аюу-Тапан жана Осоавиахим айылында 2,5 балл чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1. 8-АӨКБ

1 б

1 б

1 19:56

 

20:02

20:12

 

20:30

21:20 22:47 23:02

 

23:30

Биринчи Май району, Ала-Арча көчөсү №99/7, жалпы аянтты 100 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

2. 5-ӨКБ

1 б

1 09:25 09:32 09:40 09:56 10:10 Москва району, Беловодское айылы, Карпов көчөсү №27, гараждын ичинде 1 даана газ балон күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

3. 25-АӨКБ

1 б

1 20:32 20:40 20:41 20:58 21:28 Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Ленин көчөсү №167, азык-түүлүк сатуучу дүкөндүн кампасында 12 чарчы метр таштанды жана электр жабдыктар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4. 25-АӨКБ

1 б

1 23:15 23:35 жеткенге чейин 00:20 Кара-Суу району, Жоош айыл аймагы, Агартуу айылы, Жакшыбаев Көчөсү №72, турак үйдүн короосунда “ДЭУ-Нубира” үлгүсүндөгү жеңил унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Жалал-Абад облусу

5. 97-ӨКБ

1 б

1 12:18 12:38 12:40 15:10 15:36 Токтогул району, Жаңы-Жол айыл аймагы, Кайрак жер тилкеси, таштанды таштоочу жайда 0,5 га таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

6. 77-ӨКБ

1 б

1 б

1 13:37

 

14:15

13:55

 

14:28

16:40 18:00 18:25

 

17:18

Кадамжай району, Бирлик айыл аймагы, Сур айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 300 чарчы метр чатыры жана 1000 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 4ствБ
7. 62-ӨКБ

1 б

1 15:01 15:05 жеткенге чейин 16:03 Кызыл-Кыя шаары. Жаңы-Чек жер тилкесинде трансформатор күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуулар боюнча маалымат:

Бишкек шаары

Свердлов районунда 2-октябрында саат 15:35те КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан №125 үйдүн жабылып калган батиринин эшигин ачып беришкен.

Биринчи Май районунда 2-октябрында саат  13:40та КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Панфилов жайгашкан №1Б үйдүн жабылып калган батиринин эшигин ачып беришкен.

Свердлов районунда 2-октябрында саат 10:10до Осмонкул көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына “Мазда-демио” унаасы түшүп кеткен, жабыркагандар жок.

Жерине  КР ӨКМнин Бишкек шаардык  башкармалыгынын  Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып унааны чыгарганга жардам беришкен.

Октябрь районунун Алма-Ата көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 2-октябрь күнү кечинде (2000-жылы туулган А.Э.) эркек бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Бишкек шаардык  башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, саат 13:02де баланын жансыз денесин табышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Свердлов районунда 3-октябрында саат 03:15те КР ӨКМнин Бишкек шаардык  башкармалыгынын  Куткаруу кызматынын куткаруучулары Гоголь көчөсүндө жайгашкан №16 үйдүн жабылып калган батиринин эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

Кочкор районунда 2-октябрь күнү Төлөк айыл аймагынын Соң-Көл көлүнө баруучу Калмак-Ашуу ашуусунда Славакия мамлекетинен келген 29 жаштагы турист Марош Секельский мотоцикл менен кар күрткүдөн чыга албай калып калган.

КР ӨКМнин №42 ӨКБ куткаруучулары жерине барып туристти аман-эсен Кочкор айылына алып келишкен.

Баткен облусу

Сүлүктү шаарынын 2-октябрь күнү саат 15:30да КР ӨКМнин ТККнын №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары ЖЧК “Таш-Коро” шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here