Куткаруучулар Беловодск айылында Кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган акциясын уюштурду

0
29 просмотров

Бүгүн, 4-октябрь Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын борбордук аянтчасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбору тарабынан 5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү “Кыргызстандын аймактарындагы кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” багытталган иш-чара уюштурулду.

Куткаруучулар жана жергиликтүү жашоочулар “Кыргызстандын аймактарындагы кырсыктардын тобокелдигин азайтабыз” деген ураан менен аты аталган аймакта жөө жүрштөн өтүштү.

Андан соң тургундар үчүн куткаруу шаймандары менен, өзгөчө кырдаал катталган учурда алгачкы жардамды кантип көргөзүү зарыл экендигин практикалык түрдө көргөзүлүп, методикалык сабактары өткөрүлдү.

Иш-чаранын аягында Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким тарабынан Куткаруучуларды дярдоочу мамлекеттик борборуна ыраазычылык баракчасы ыйгарылды.

Негизи бул иш-чаранын максаты өлкөдөгү табигый кырсыктардын санын төмөндөтүү, калк арасында өзгөчө кырдаалдар боюнча билимин жогорлатуу жана алган тажрыйбаны калкка жайылтуу, өзгөчө кырдаалдарда калктын иш-аракеттерин системалаштыруу, ошондой эле кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталды.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here