2019-жылдын 7-октябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
56 просмотров

 2019-жылдын 7-октябрь күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен.

Баткен облусу

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында 2019-жылдын 6-октябрында Боз тилкесиинде жайгашкан №5 забойдо 3 эркек адам (1998-ж.т. А.А., 1977-ж.т. Т.Б., 1986-ж.т. М.Т.) 45 метр тереңдикте өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып каза болушкан.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин ТККнын №4 өзүнчо мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. Куткаруучулар каза болгондордун жансыз денелерин чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.     8-АӨКБ

1 б

1 17:16 17:23 17:28 17:33 17:47 Биринчи Май району, Жибек-Жолу проспекти, “Жаштар” сейил багы, будканын ичинде жыгач стол күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.     2-АӨКБ

1 б

1 23:11 23:20 жеткенге чейин 23:45 Свердлов району, Дордой-1 конушу, 14-көчө №463-үй, электр зымдын чагылышынан турак үйдүн 1 бөлмөсү түтөгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.
Ош шаары
3.     29-АӨКБ

1 б

1 13:11 13:12 13:25 14:00 14:17 Амир-Тимур кичи району, 151-көчө №4-үйдүн короосунда жыйылган 700 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Өрттүн себеби: отко этятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
Чүй облусу
4.     21-АӨКБ

1 б

1 04:45 04:51 04:55 05:48 Токмок шаары, Тоголок Молдо көчөсү №22, батирдин ичинде вентилятор күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска тутташуусу. кол каражат
Нарын облусу
5.     16-АӨКБ

1 б

1 12:45 12:57 13:00 13:30 13:47 Нарын шаары, Ак-Коргон тилкесинде жалпы аянты 30 чарчы метр вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
6.     65-ӨКБ

1 б

1 10:26 10:50 10:55 11:45 12:26 Сузак району, Атабеков айыл аймагы, Кара-Жыгач айылы, Кадыров көчөсү №11, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 70 чарчы метр чатыры, 500 түк чөп жана 1 м3 отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Баткен облусу
7.     77-ӨКБ

1 б

1 13:45 14:05 14:28 14:54 15:47 Кадамжай району, Бирлик айыл аймагы, Сур айылы, мүрзөнүн аймагында 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.     74-ӨКБ

1 б

1 02:36 02:45 03:06 03:12 04:04 Лейлек району, Исфана  шаары, Төрөкулбай-Ата көчөсү, жалпы аянты 28 чарчы метр навайкана толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан  чыгуулар:

Бишкек шаары

Ленин районунда 2019-жылдын 6-октябрында саат 12:55дө КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Киев көчөсүндө жайгашкан №155 үйдүн жабылып калган батиринин эшигин ачып беришкен.

Ысык-Көл облусу

Тоң районунда 6-октябрында саат 14:30да Төрт-Көл айыл аймагынын Тоң ашуусунда мал-жандыктарын айдап бараткан 2 чабанды (1976-ж.т. М.Т. жана 1973-ж.т. К.Н.) кар көчкү түшүп, басып калган, бирок алар өз алдынча көчкүнүн астынан чыгышып жардам сураган.

Жерине КР ӨКМнен 6 куткаруучу, тез жардам кызматы жана айыл аймагынан 7 адам тартылып, жабыркагандарды Тоң райондук ооруканага жеткирген.

Учурда абалдары канааттандырарлык, бутунан жана жамбашынан жаракат алышкан, ал эми мал-жандыктарды (жабыркаган эмес) туугандары айылга айдап кетишкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here