2019-жылдын 9-октябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
48 просмотров

Шашылыш билдирүү!

9-октябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 9-октябрда түнкүсүн  көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй,  Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 7-октябрь күнү №02-34/841-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

 

2019-жылдын 9-октябрь күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын  көпчүлүк аймактарында,  Чүй,   Талас, Ош, Жалал-Абад,  Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2019-жылдын 9-октябрь күнү саат 07:00дө “Арал” жана “Сосновка” постторунда коюлган убактылуу чектөөлөр алынган.

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республиканын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-октябрь күнү саат 03:49да Казакстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Шаты, Түп жана Кең-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
 

Чүй облусу

1.     15-ӨКБ

1 б

1 13:12 13:24 13:30 14:08 14:34 Москва району. Плодопитомник айылы, Мира көчөсү. Бастырманын астында 50 түк чөп жана 80 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2.     АӨКБ-27

1 б

1 15:32 15:37 16:21 16:41 16:55 Ысык-Ата району. Кант шаары, 1-кичи району. Ачык аянтта 0,5 га таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3.     22-АӨКБ

1 б

1 19:54 20:05 20:15 20:25 20:35 Жайыл району.  Кара-Балта шаары, 40-лет Киргизии көчөсү. Көмөк чордондун ичинде 1 ч.м. электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. кол

кар-т

4.     22-АӨКБ

1 б

1 б

1 23:17

23:38

23:35

23:47

00:01 01:02 01:11

01:04

Жайыл району.  Калинин айылы, Гагарин көчөсү. Жыгач устундуу темир жабылган  турак үйдүн 50 ч.м. чатыры, кир жуугуч машина жана 1 бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Ош облусу

5.     13-АӨКБ

1 б

1 21:08 21:56 22:00 22:07 22:46 Кара-Суу району. Нариман а/а, Жаңы- Махаля айылы. Аянты 2 ч.м. битум күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
6.     25-АӨКБ

1 б

22:08 22:20 22:53 00:05 00:41 Кара-Суу району. Кашкар-Кыштак а/а, Кашкар-Кыштак айылы, Навои көчөсү. Аянты 192 ч.м. 2 кабаттуу сарай толугу менен 600 түк чөп жана 400 боо жүгөрү сабагы күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

7.     83-ӨКБ

1 б

1 б

1 12:44

13:01

12:53 13:00 14:20 14:50

15:10

  Майлуу-Суу шаары. Спутник-2 көчөсү,   турак үйүнүн 9 ч.м. дубалы күйгөн. Өрттүн себеби: электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 2ствБ

Баткен облусу

8.     76-ӨКБ

1 б

1 07:10 07:18 07:48 08:10 08:35 Кадамжай району. Орозбеков а\а, Учкун тилкесинде жайгашкан  орто мектебинин көмүрканасында 3 тонна көмүр түтөгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

9.     19-АӨКБ

1 б

1 б

1 22:27

22:45

22:35

22:52

23:00 23:59

 

00:50

23:30

Балыкчы шаары. Абдрахманова көчөсү, . «Тазалык» ишканасына тиешелүү кампада 27 даана пенопласт, 1000 даана брусчатканын резина  формасы, 5 даана устун, 100  даана рейка, 25 ч.м. пеноплекс күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here