Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин 12-чи отуруму өтөт

0
55 просмотров

Бүгүн, 2019-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясында КР Өзгөчө кырдаалдар министри Мирзахмедов Нурболот Сабыржановичтин төрагалыгы астында Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин кезектеги он экинчи отуруму өтүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам көрсөтүү боюнча эл аралык уюмдар менен ЖККУнун кызматташтыгынын маселелери талкууланат. ЖККУнун 2019-жылдын иш чараларын жыйынтыктоо, ушул жылдын март айында видео конференция аркылуу болуп өткөн өзгөчө кырдаал боюнча штабтык машыгуунун натыйжасы жана 2020-жылга карата Биргелешкен иш-чаралырдын планы бекитилет.

Мындан тышкары, Отурумдун күн тартибинде жаш муундун коопсуздук маданиятын жогорлатуу жаатында кызматташуусун кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу, Орусиянын ӨКМнин бир топ окуу жайларынын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын даярдоо боюнча базалык бөлүмдөрүнүн статусун берүү.

Отурумга ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча мүчөлөрү, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар мекеменин башчыларынын орун басарлары жана ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Семериков Валерий Анатольевич, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

ЖККУнун мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюуда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жигердүү кызматташат.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here