Куткаруучулар арасында мелдеш өткөрүлдү

0
49 просмотров

2019-жылдын 5-октябрында Чүй облусуна караштуу Москва районунун Садовое айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдардар министрлигинин 86123 аскер бөлүк-Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун машыгуу талаасында, куткаруу иш тажырыйбалары менен алмашуу жана эл арасына жайылтуу максатында куткаруу иштер боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Мелдештин демилгеси жана демөөрчүсү “Кумтор Голд” компаниясы, ал эми уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдардар министрлигинин 86123 аскер бөлүк-Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбору. Мелдешке Кыргыз Республикасынын Тоо-кең иштерин жүргүзүүчү уюмунун куткаруу топтору жана Өзгөчө кырдаалдардар министрлигинин 86123 аскер бөлүк-Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруу тобу катышты.           

            1.”Кумтор Голд” компаниясынын Балыкчы перевал базасынын куткаруу тобу.

            2.”Кумтор Голд” компаниясынын №1-куткаруу тобу.

            3.”Кумтор Голд” компаниясынын №2-куткаруу тобу.

            4.”Кыргызалтын” филиалынын Солтон-Сары куткаруу тобу.

  1. Өзгөчө кырдаалдардар министрлигинин 86123 аскер бөлүк-Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруу тобу.

Мелдештин жыйынтыгында жеңичүүлөр жана катышуучулар куткаруу иш тажрыйбалары менен алмашкандыгы үчүн бири-бирине терең ыраазычылыктарын билдиришип, баалуу белектер менен сыйланышты.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here