Ак-Суу районунда Жарандык коргонуу кызматтарын катышуунун негизинде машыгуу өткөрүлдү

0
30 просмотров

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 2019-жылдын 16-октябрында “Ар түрдүү өзгөчө кырдаалдар учурунда Жарандык коргонуу кызматтарынын иш аракеттерин текшерүүгө багытталган комплекстик райондук машыгуу өткөрүлгөн.

Машыгуу 16-октябрында саат 7:00 “Айгай” жарыялоо менен башталып, ага Ысык-Көл облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары жана Ак-Суу райондук Жарандык коргонуу кызматтары толугу менен Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына чогулуп, андан соң тиешелүү иш аракеттер үчүн тапшырмалар коюулду.

Комплекстик райондук машыгуунун максаты өлкөдөгү табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү, жалпы Жарандык коргонуу кызматтарынын Жарандык коргонуу боюнча билимдерин жогорулатуу, өзгөчө кырдаалдарда калкка жардам көрсөтүү, эвакуациялоо жана ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөттү.

Бул машыгуу Ысык-Көл облусунун Жарандык коргонуунун 2019-жылга даярдык планынын негизинде өткөрүлдү.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here