Бош мамлекеттик кызмат ордуна ачык сынак жарыялынды

0
31 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине ылайык төмөндөгү административдик мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялайт:

           

1.1.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүң башчысы–“Б-Б” – Бишкек шаары

Квалификациялык  жана жеке сапат талаптары:

-жогорку билим –юридикалык.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 (беш) жылдан кем эмес иш стажы.

Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү:

-компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө

-компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта ж.б.)

Төмөнкүлөрдү билүү:

жалпы мыйзам актылары – Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын  кароо тартиби жөнүдө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарын,

            Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.

тиешелүү тармактар боюнча:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө”;

-КР Өкмөтүнүн: “2013-жылдын 10-июнундагы № 341 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө” жана “2017-жылдын 31-майындагы № 313 “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомдорун; 2012-жылдын 20-февралындагы № 115Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө токтомдорун.

Функционалдык  милдеттери:

— ченемдик укуктук жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

— өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана кеңеш берүү;

— отчетторду түзүү;

— өз компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

— баш ийген мамлекеттик жарандык кызматчыларда жана муниципалдык кызматчыларда жеке кызыкчылыгынын пайда болушунун алдын алуу же ведомстволук түзүмдүк бөлүмчөдө мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматта таламдардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү;

— стратегиялык: максаттарды коюу; стратегияларды иштеп чыгуу; пландарды түзүү;

— консультация берүү;

— Министрликке келип түшкөн ченемдик укуктук актыларды таанышат, иште пайдалануу жана системалык түрдө каттоо үчүн биринчи кезектеги тартипте алат;

— сапатсыз даярдалган жана мыйзамдарга каршы келген ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу үчүн аткаруучуларга кайтарып берет, алар боюнча зарыл болгон корутунду чыгарат жана аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө маалымдамаларды берет;

— Министрлик катышкан талаш-тартыштар боюнча доо иштеринин жана соттук практиканын абалын талдайт жана аларды четтетүү, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизет;

— түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Министрликтин ченем жаратуучу ишинин келечектеги жана учурдагы пландарын иштеп чыгууга, ал пландарды ишке ашырууга жана алардын аткарылышын контролдоого катышат;

— Министрликтин ченем жаратуучу ишин уюштуруу-методикалык жактан камсыздайт, Министрликтеги укуктук иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштарды иштеп чыгат;

Сынака катышуу үчүн төмөнкү иш-кагаздарын  тапшыруу зарыл:

-арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;

-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-өздүк баракча сүрөтү менен;

-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынака катышуу үчүн бардык калоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн тартып 2019-жылдын 28-октябрына чейин төмөнкү даректер боюнча тапшыруу керек:

Ош шаары, Моминова көчөсү, 11, 3-кабат, каб.302. тел.:03222-20811,

Бишкек шаары, А.Токтоналиева көчөсү, 2/1, 4-кабат, каб. 409 Тел.: 548945

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here