КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери канга муктаж болгон жарандардга жардам көрсөтүштү

0
30 просмотров

2019-жылдын 17-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери Ош облустук кан борборунда ыктыярдуу донор болду.

ӨКМнин Ош шаардык башкармалыктын өздүк курамынын демилгеси менен адам өмүрүн сактап калуу, Ош шаарыбыздагы ар кандай кырдаалдарда жабыркаган жана ар кандай оорудан ден-соолугу начар жана канга муктаж болгон жарандардга жардам көрсөтүү максатында ыктыядуу жана акысыз кан берүү иш чарасы уюштурулду.

Жалпысы болуп башкармалыктын 16 кызматкери ыктыярдуу кан тапшырышты. Биринчи жолу кан тапшырган кызматкерлер Кызыл ай коомунун “Ыраазычылык каты” менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл ай коомунун Ош шаары жана Ош облусунун өкүлчүлүгү менен биргеликте өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда, Жарандык коргонуу иш чараларын калк арасында жайылтууда тыгыз иш алып барылууда.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here