Ош облусунда жеринде барып окутуунун негизинде 9 айдын ичинде 734 калк окутулган

0
27 просмотров

КР ӨКМнин Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аймактык кафедранын мугалимдер курамы тарабынан Ош облусунун Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорунун аймагында жашаган жергиликтүү калк үчүн өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жүрүм-турум эрежелерин үйрөттүгө багытталган окутуулар уюштурулган.

Жыйынтыгында 734 адам окутулган.

Райондор боюнча:

  • Кара-Суу районунан – мерчем боюнча 250 адам, анык окутулганы 316 адам (92 аял, 224 эркек);
  • Алай районунан – мерчем боюнча 115 адам, анык окутулганы 209 адам (125 аял, 84 эркек);
  • Кара-Кулжа районунан – мерчем боюнча 150 адам, анык окутулганы 209 адам (117 эркек, 92 аял).

Окуу процессинде табигый, техногендик жана социалдык мунөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жүрүм-турум эрежелери, сактануу ыкмаларын үйрөтүү жана “Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери” боюнча сабактары окутулган.

 Окуулардын жүрүшүндө катышуучуларга ар турдүү өзгөчө кырдаалдар боюнча иштеп чыгарылган плакаттар, таркатма материалдар жана китептер тапшырылды. Мындан сырткары Кара-Суу районунда мугалимдер курамы райондун жалпы коллегиясында сөзгө чыгып министрлик тарабынан жүргүзүлгөн кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу боюнча өткөрүлгөн бир айлык мерчеминде жүргүзүлгөн иш чаралар боюнча баяндама жасалды, ошондой эле бул иш чарага жакшы катышкан мектеп директорлору Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун ардак грамоталары салтанатту түрдө тапшырылды.

Кара-Кулжа районунда мерчемден сырткары Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан жалпы билим беруу мекемесинин базасында мектептин жамааты жана окуучулары үчүн атайын окуулар өткөрүлдү.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here