Жалпы билим берүү уюмдарынын “Турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери курсунун” окутуучулары, методисттери окуулардан өтүшүүдө

0
31 просмотров

2019-жылдын 15-17-октябрь күндөрү Баткен облусунун Жалпы билим берүү уюмдарынын “Турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери” курсунун методисттери жана окутуучулары менен окуулар өткөрүлүүдү.

Окуулар бекитилген программага ылайык төмөнкү темаларды камтыды: “Кыргыз Республикасынын аймагындагы кооптуу табигый процесстердин мониторинги, турмуш-тиричилик коопсуздугу окуу предметинин мааниси жана сабактарды уюштуруу ыкмасы, кичи топтор менен иштөө, ӨКга баа берүү, “ЖК күнү” иш-чарасын уюштуруу жана жүргүзүү, окуучуларды социалдык ӨКдан коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу”.

Мындан сырткары Жалпы билим берүү уюмдарында катталган түрдүү ӨКдар учурунда жаракат алгандарга биринчи тез жардам көрсөтүү  эрежелери боюнча КР ӨКМнин РӨКОнын Медицина кызматынын башчысы тарабынан практика жүзүндө түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Окуунун максаты, өзгөчө кырдаалдардан коргоо иш-чараларынын мерчемдерин мектептерде түзүү, Жарандык коргонуу иш-чараларынын мерчемин өздөштүрүү болуп саналат.

Окуунун жыйынтыгында катышууучуларга Борбордун атайын сертификаттары жана ӨКдын түрлөрү боюнча көрсөтмө куралдар тапшырылды.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here