Жалал-Абадда өзгөчө кырдаалдарга атайын алдын алуу багыттында иштер жүргүзүлүүдө  

0
267 просмотров

Жалал-Абад облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчемине ылайык 2019-жылы 69 объектте жумуш аткаруу каралып, кошумча 16 объект кирип, жалпы 85 объектини түздү.

Бүгүнкү күнгө бекитилген план-графиктердин негизинде, жалпысынан 82 объектиде иш-чаралар жүргүзүлүп, анын ичинен:

Жалал-Абад Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү механизацияштырылган базасы  тарабынан 53 объектиде иш алып барды (40 объектиде жумуш толук бүттү, 4 объектиде жумуш жүрүп жатат, 9 объектиде жер иштери бүткөрүлгөн.

29 объектиге 9552 литр дизелдик күйүүчү май, 1350 даана габион сетка, 22150 кг цемент жана 943 кг арматура бөлүнүп берилген 27  объектиде жумуш бүттү, 2 объектиде (план) жумуш уланууда;

Жалпысынан облус боюнча 82 объектиде жумуш жүрүп, 67 объектиде жумуш толук бүттү, 14 объектиде жумуш уланып жатат, 1 объектиде жумуш токтоп турат.

Жалпы жумуштун көлөмү  35543чарча метр, 136190м3 түзүп, жыйынтыгында 3401 турак-үй, 13 көп кабаттуу үй, 1 бала-бакча, 1 ГСВ, 1120 га айыл чарба жери, 3380 м ички чарбалы жол, 9 көпүрө корголуп, 3110 кожолука шарт түзүлдү.

Бөлүнүп берилген ТМБлар;

  • Цемент – 158 300 кг, арматура – 18 476 кг, габион сетка – 3397 даана.

Азыркы учурда жумуш жүрүп жаткан райондорго токтоло кетсек: 

  • Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагындагы Ак-Терек айылында Каба сайынын сол жээгин бекемдөө, иштери жүрүп жатат. Жээк бекемдөөгө 11тонн  цемент, ал эми жээк цемент менен бирге, 12мм арма турадан 614кг бөлүнүп берилип бүгүнкү күндө беттон куюу жумуштары жүрүп жатат. Натыйжада Ак-Терек айылындагы 70, кожолуктун турак үйлөрүн жана ички чарбалык жолдору корголот.
  • Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Кара-Көл айылында ички чарбалык жолдоруна Жалал-Абад ӨКЧКМБазасы тарабынан 4 километр шагыл төшөөгө жумуштары жүрүп жатат. Натыйжада Карк-Көл айылындагы, 125 кожолуктун күнүмдүк жашоо тиричилигин жакшыртуу максатында, шагыл төшөлүүдө.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here