ӨКМде 9 ай ичиндеги ишмердүүлүк боюнча коллегия өткөрүлдү

0
222 просмотров

Бүгүн, 23-октябры күнү Бишкек, Ош шш. жана облустарды камтыган министрликтин 9 ай ичиндеги ишмердүүлүгү боюнча коллегия өткөрүлдү.

 Коллегияга КР Өкмөтүнүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүнүн эксперти Абдиталип Камалов, КР ӨКМдеги Байкоочу кеңештин төрагасы Жумабек Акматов, КР ӨКМдин коллегия мүчөлөрү, министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышып, иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов төрагалык кылды.

Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков аткарган иштер боюнча доклад жасады.
“2019-жылдын 9 айында кооптуу табигый жана техногендик процесстерге 1394 изилдөө иштери аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 49 изилдөө иштери көп аткарылган. Изилдөөлөрдүн эң көп саны Жалал-Абад жана Ош облустарында жүргүзүлгөн, жалпы изилдөөлөрдүн санынын 80 пайызын түздү. Жалпы изилдөөлөрдүн ичинен эң көп санда жер көчкү процесстерине 558 жолу жүргүзүлүп, жалпы изилдөөлөрдүн 40 пайызын түздү. Капиталдык курулуш жана авариялык калыбына келтирүү программасы аркылуу коргоочу курулмаларды куруу жана жээктерди бекемдөө иштери боюнча 77 обьектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 67 обьектиде жумуш жүргүзүлүп, 37 объект пайдаланууга берилген. Ал эми “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларынын аткарылышы боюнча айта кетсем, аталган иш чаралардын 2019-жылдагы Болжолдуу-планына 317 обьект каралып, 279 объектилерде жумуштар бүткөрүлгөн”, -деди Д.Алимбеков.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча министрлик арасында өткөргөн мониторингде, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биринчи орунда турат, жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматты боюнча 2019-ж. 1 жарым жылдыкта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калктын ишеним индекси боюнча 1 орунда жетиштик.

Коллегияда министрликтин алдын алуу багытындагы, өрт-куткаруу, коопту аймактагы жашап жаткан жарандардын көчүрүү маселелери, табигый жана техногендик кырсыктарды алдын алуу жана башка иш-аракеттер талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында министр Н.Мирзахмедов ӨКМнин Борбордук аппаратынын башкармалыктарынын бөлүмдөрүнүн башчылары, аймактык жана мекемеге караштуу түзүмдөрдүн жетекчилерине тапшырмаларды койду. Министрликтин тогуз ай ичиндеги ишмердүүлүгү боюнча кошумча маалыматтар берилет.

Статистика 2019-ж. 9 ай ичинде республиканын аймагында 28 өзгөчө кырдаалдар катталып (2018-ж.- 92), анын кесепетинен 11 жаран каза болгон (2018-ж. — 13), келтирилген материалдык чыгым 205 млн. 768 миң 300 сомду (2018-ж. 1 млрд 190 млн. 597 миң сом) түзгөн.2018-жылдын 9 айына салыштырмалуу 2019-жылы өзгөчө кырдаалдардын саны 69,6% пайызга, ал эми келтирилген материалдык чыгым өткөн жылга салыштырмалуу 82,7%га азайган. Өзгөчө кырдаалдардын санынын азайышын бирден бир себеби болуп, республиканын аймагында аба ырайы туруктуу болгондугунан жана министрлик тарабынан өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу иш-чараларынын алгылыктуу алып баруусу.

Министрликтин өздүк курамынын күжүрмөн аракеттеринин жыйынтыгында ар кандай өзгөчө кырдаалдардан жыл башынан бери 212 адам куткарылып былтыркы жылга салыштырмалуу куткарылгандардын саны 42,5 % көбөйгөн. Жарандык коргонуунун күчтөрүн, башкаруу органдарын жана калкты даярдоо максатында жалпысынан 969 машыгуулар, штабдык окутуулар жана ар кандай текшерүүлөр жүргүзүлдү.
9 айында 2990 өрт кырсыгы катталып (2018-ж 3795), салыштырмалуу 21,2 % азайган, өрттүн кесепетинен 34 жаран каза болуп (2018-ж 45), келтирилген материалдык чыгым 556 млн. 201 миң 022 сомду (2018-ж 754 млн. 262 миң 778 сом) түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 26,3 % азайган.
Өрт кырсыктарынын азайгандыгынын себептери болуп, ӨКМ өздүк курамы жана жергиликтүү бийлик органдары тарабына өрттүн алдын алуу иштеринин күчөтүлгөндүгү, массалык-маалымат каражаттары аркылуу байма-бай чагылдыргандыгы жана элдин коопсуздук эрежелерине көңүл бургандыгы болуп эсептелинет.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here