ӨКМ:  9 ай ичинде республика боюнча өрттөр 21,2% азайган

0
222 просмотров

2019-жылдын 9 ай ичинде республика боюнча 2990 өрт кырсыгы катталып (2018-ж. 3795) өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 21,2% азайган. Бул тууралуу КР ӨКМдин Өрттү алдын алуу жана өрттү өчүрүү башкармалыгынын башчысы майор Равшанбек Аширбеков билдирди.

Келтирилген материалдык чыгым 556 млн. 201 миң 022 сомду (2018-ж 754 млн. 262 миң 778 сом) түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 26,3 % азайган. Болуп өткөн өрт кырсыгынан 34 адам каза таап (2018-жылы 45 адам,), өрттөн 46 адам жабыркаган, анын ичинде (2018-жылы 43 адам). Өрттөн 47 адамдын өмүрү (2018-ж. 63 адамдын өмүрү) жана375млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-ж 8,154 млн. сом).

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу 28,5%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан 43,3%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда 9,8%, балдардын от менен ойноосунан 6,0%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан 60,5% турак жай секторунда болгон.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (923) жана 11 адам каза болгон, Бишкек ш. (660) жана 8 адам каза болгон, Жалал-Абад областында (350) жана 5 адам каза болгон, Ош облусунда (280) жана 2 адам каза болгон , Ысык-Көл облусунда (224 ) 2 адам каза болгон. Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (1453), 30 адам каза тапкан.

2019-жылдын  9 айында республиканын  өрттүн алдын алуу органы тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды,  72500 жолу 849901 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн. Чарба жүргүзүүчү объекттердин өрткө каршы абалы жөнүндө бийлик органдарына жана кызыкдар ведомстволорго 1736 маалымат жөнөтүлгөн.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here