Кара-Көл шаарындагы мектептердин окуучуларына өрткө каршы үгүт иш-чаралары жүргүзүлүүдө

0
236 просмотров

2019-жылдын 25-октябры күнү шаардагы №6 Т.Темиралиев орто мектебинин окуучуларына № 94 өрткө каршы-куткаруу бөлүгү менен таанышуу уюштурулуп, иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучуларына өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу автоунаалары, өрт-техникалык жана авариялык-куткаруу шаймандары көргөзүлүп, аларды колдонуу боюнча кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда № 2 Ч.Түлөбердиев жалпы билим берүү инновациялык мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуунун жүрүшүндө мектеп окуучулары, мугалимдер жамааты, өрт өчүрүүчү-куткаруучулар жана Жарандык коргонуу кызматтары мектептеги өрт учурундагы иш-чараларды  аткаруу менен өрт кырсыгын ыкчам жоюу боюнча машыгышты.

Машыгуунун жыйынтыгы менен мектеп окуучуларына, мугалимдерге өрт коопсуздук иш чаралары боюнча нускамалар таркатылды.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here