КР ӨКМ кышкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет

0
278 просмотров

Адистердин айтымында, күз-кыш мезгилинде  өрттүн басымдуулугу  турак-жай секторунда катталат. Тилсиз жоонун биринчиден келип чыгуу себеби, өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан болууда. КР ӨКМдин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын адистери  кышкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет:

  • от жагуучу мезгилге чейин  мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек, бузук мештерди жана морлорду колдонбогула;
  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;
  • тамеки чегүүдө өрт коопсуздугун эске алыңыз.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн эрежелерин сактоо менен, Сиз өзүңүздүн турак-жайыңызды, мүлкүңүздү, адамдардын жаракат алуусун жана каза болуусунун тилсиз жоодон алдын алган болосуз. Өрт чыккан учурда 101, 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here