КР ӨКМдин караштуу башкармалыктын адистери квалификациясын жогорулатуу боюнча окуудан өтүштү 

0
195 просмотров

КР ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун мерчеминин негизинде, 2019-жылдын 22-24-октябрь күндөрү Жарандык коргонунун мамлекеттик тутуму боюнча окуулар өткөрүлдү.

Окуулар бекитилген программага ылайык төмөнкү темаларды камтыды: Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасы жана алардын иштөө режимдери, КР ӨКМнин түзүмдөрү жана милдеттери, КР Жарандык коргонуу  тармагындагы мыйзамдары жана укуктук-ченемдик базалар, КР калкынын жана аймагынын табигый кырсыктарга кабылдоосу боюнча жалпы обзор, өзгөчө кырдаалдарга баа берүү жана классификациялоо, жарандык коргонуу уюштуруу жана жүргүзүү, жарандык коргонуу кызматтарынын планы.

Окуунун максаты, өзгөчө кырдаалдардан коргоо иш-чараларынын мерчемдерин жана жарандык коргонуу иш-чараларынын мерчемин өздөштүрүү болуп саналат.

Окуунун жыйынтыгында катышууучуларга Борбордун атайын сертификаттары тапшырылды.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here