Күз-кыш мезгилине карата өрт кырсыгынын алдын алууга багытталган иштер уланууда

0
275 просмотров

Бул тууралуу  КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы майор Азис Эгембердиев билдирди. Анын айтымында,  райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөр тарабынан күз-кыш мезгилдеринде өрт кырсыгы келип чыккан учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги, айыл жерлеринде мешти туура пайдалануу, суук мезгилдерде жылытуучу электр приборлорун туура колдонуу жана өрт кырсыгынын алдын-алууга  багытталган аракеттере тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

«Маселен, 2019-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусунун аймагында өрттүн алдын-алууга багытталган 133 007 адамды камтыган 35 820 нускама өтүлгөн. Өкмөткө караштуу Мамэкотехинспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте 135 кооптуу объектилерде өрт кырсыгын алдын-алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, мындан тышкары облус боюнча 38 өрт тактикалык машыгуулар болгон. Окуу жайларда жана объектилерде 18320 адамды камтыган 452 лекция өтүлсө,  жарандар менен биргеликте практикалык иш жүзүндө 44 өрт тактикалык сабак өтүлсө, октябрь айынан баштап  жергиликтүү тургундарга өрт коопсуздук эрежелери жана өрт кырсыгынын кесепеттери тууралуу 2374 адамды камтыган 666 нускама өтүлгөн», — деп маалымдады майор А.Эгембердиев.

Аталган иш-чаралардын максаты – күз-кыш айларындагы өрткө кооптуу мезгилде адам өмүрүн сактоо, өрттөн келип чыккан материалдык чыгымдарды азайтуу, калктын өрт коопсуздук эрежелери тууралуу маалыматын жогорулатуу  болуп саналат. Мындай  аракеттер өлкөбүздүн баардык аймагында өткөрүлүүдө.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here