Жалал-Абад облусунда жээк бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

0
327 просмотров

Жалал-Абад облусу боюнча 2019-жылы атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-мерчемине ылайык, 69 объектте жумуш аткаруу каралып, кошумча 16 объект кирип, жалпысынан 85 объектини түздү.

Бүгүнкү күнгө бекитилген план-графиктердин негизинде, жалпысынан 82 объектиде иш-чаралар жүргүзүлүп, анын ичинен 67 объектиде жумуш толук бүттү, 14 объектиде жумуш уланып жатат, 1 обьектиде жумуш токтоп турат.

Жалпы жумуштун көлөмү 35543чарчы метр, 136190м3 түзүп, жыйынтыгында 3401 турак-үй, 13 көп кабаттуу үй, 1 бала-бакча, 1 ГСВ, 1120 га айыл чарбалык жери, 3380 м ички чарбалык жол, 9 көпүрө корголуп, 3110 кожолука шарт түзүлдү.

Бөлүнүп берилген ТМБлар;

Цемент – 158 300 кг, арматура – 18 476 кг, габион сетка – 3397 даана.           

Азыркы учурда жумуш жүрүп жаткан район: 

Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы Кара-Суу айылынын, Нарын дарыясынын оң жээгин бекемдөө иштерин аткаруу үчүн жергиликтүү бийликтин өз күчү менен аткарууга КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 3350 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилип, жергиликтүү бийликтин техникалары тартылып, аска таш менен жээк бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Натыйжада 18 кожолуктун турак үйлөрү жана 40 га айыл чарба жерлери корголот.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here