Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракесине карата ачык сабак өткөрүлдү

0
41 просмотров

2019-жылдын 29-октябрында КР ӨКМнин Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун “Өрт коопсуздук” кафедрасында Н.Исанов атындагы КМКТАУ ИКИ “Өрт коопсуздук” кафедрасынын окутуу курамына жана 2-3 курстун студентерине Мамлекеттик жана саясий ишмер А.Орозбековдун 130 жылдыгына карата  ачык сабак өткөрүлдү.

Сабактын жүрүшүндө студенттерге А.Орозбаков жөнүндө кыска видео тасма көрсөтүлүп, ошондой эле өмүр баяны жана кандай кызмат жолдорун басып өткөндүгү жөнүндө маалымат берилди.

Ачык сабактын өткөрүү максаты студенттер арасында тарбия иштерин жүргүзүү, жаш муунга азыркы Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө чоң салым кошкон жана башында турган көрүнүктүү мамлекеттик, саясий инсандар жөнүндө маалымат жеткизүү жана патриоттук сезимдерди күчөтүүгө багытталган.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here