Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери турак-жайлардагы өрттөн 3 жаран каза болду

0
53 просмотров

Кышкы өрт кооптуу мезгилдин башталышы менен Жалал-Абад облусунда турак-жай секторунда өрткө каршы түшүндүрүү иш-чаралары күчөтүлдү.

КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан өздөрүнө бөлүнгөн аймактардагы, көчөлөрдөгү жашоочуларга турак жайлардагы өрт коопсуздук эрежелери, от жагууда мешти колдонуу эрежелери, күнүмдүк тиричиликте колдонулуучу электр жабдыктарын колдонуу эрежелери боюнча  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт же өзгөчө кырдаал катталган учурда 112, 101 кыска номерлерине чалуу керектиги жеткирилүүдө.

Жыл башынан ушул күнгө чейин КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук, шаардык бөлүмдөрү тарабынан облус боюнча  49 493 турак-жай ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Аткарылган иш-чараларга карабастан жыл башынан облус аймагында турак-жай секторунда 246 өрт кырсыгы катталып, келтирилген материалдык чыгым 19 млн. 826 миң сомдон ашып, турак-жайлардагы өрттөн 3 жаран каза болду.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here