Жарандык коргонунун мамлекеттик тутуму боюнча Лабороториялык контролду байкоо тармактарынын башчылары окуудан өтүштү

0
52 просмотров

2019-жылдын 29-30-октябрь күндөрү республиканын аймагындагы Лабороториялык  контролду байкоо тармактарынын башчылары менен Жарандык коргонунун мамлекеттик тутуму боюнча окуулар өткөрүлдү.

Окуулар бекитилген программага ылайык төмөнкү темаларды камтыды: Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасы жана алардын иштөө режимдери, КР ӨКМнин түзүмдөрү жана милдеттери, КР Жарандык коргонуу тармагындагы мыйзамдары жана укуктук-ченемдик базалар, жарандык коргонуу уюштуруу жана жүргүзүү, жарандык коргонуу кызматтарынын пландары, авариялык-химиялык кооптуу заттардын (АХОВ) аныкталышы, колдонулушу, физикалык жана химиялык касиеттери, адамдардын организмине тийгизген таасирлери, ЛКБТ менен КР ӨКМнин ККББ менен өз ара аракеттерди уюштуруунун тартиби, КР калдык сактоочу жайлардын абалдары боюнча жана ЛКБТ жөнүндө жобо боюнча.

Окуунун максаты, өзгөчө кырдаалдардан коргоо иш-чараларынын мерчемдерин жана жарандык коргонуу иш-чараларынын мерчемин өздөштүрүү болуп саналат.

Жыйынтыгында катышууучуларга Борбордун атайын сертификаттары тапшырылды.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here