2019-жылдын 1-ноябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
77 просмотров

Шашылыш билдирүү: аба-ырайы кескин өзгөрүлүүшү күтүлүүдө!

2019-жылдын 4-5-ноябрларда аба-ырайы кескин өзгөрүп: көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан карга айланышы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-6-ноябрь күндөрү абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  0…5°,  күндүз 7…12° жылуу, тоо этектеринде  түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо  түнкүсүн  -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 31-октябрь  күнү №02-34/896-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

 

2019-жылдын 1-ноябрь күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республиканын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 31-октябрь күнү саат 07:02де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Майлуу-Суу шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Алыскы мамлекеттин аймагындагы катталган

техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар

Пакистан Республикасынын Пенджап провинциясында 31 октябрь күнү адам ташуучу поезд  Карачи шаарынан Равалпинди шаарына бара жатып, газ балон жарылып, поезден өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен болжолу менен 73 адам каза болгон.

Каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандыры бар же жоктугу Тышкы иштер министрлиги тарабынан такталууда.

Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1. 7- АӨКБ

1 б

1 22:53 23:05 23:13 23:25 23:39 Октябрь району, Анкара жана Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта 80 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

3. 22-АӨКБ

1 б

1 13:40 14:10 14:20 14:30 15:20 Жайыл району, Сосновка айылы, Набережный көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган мончонун 40 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4. 22-АӨКБ

1 б

1 14:02 14:12 14:22 14:32 15:00 Жайыл району, Кара-Балта шаары, Фрунзе көчөсүндөгү үйдүн жанында аянты 6 чарчы метр болгон вагондун ичи күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5. 22-АӨКБ

1 б

1 19:10 19:20 19:27 19:35 19:40 Жайыл району, Новониколаевка айылы, ачык аянтта 50 соток куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
6. 23-АӨКБ

1 б

1 00:52 01:06 01:57 02:00 03:10 Сокулук району. Селекция айылы, Береговая көчөсү. Короодо 5 ч.м кык күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

8. 102-ӨКБ

1 б

1 14:41 15:02 15:12 15:26 16:00 Кара-Суу району, Мады айыл аймагы, Чагыр айылы, ачык аянтта 500 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9. 71-ӨКБ

1 б

1 15:53 16:30 17:00 18:50 19:30 Ноокат району, Шанов айыл аймагы, Шар-Коргон айылы, жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын  84 чарчы метр чатыры, 300 түк чөп жана 1 тонна жыйылган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
10. 53-ӨКБ

1 б

1 21:11 21:28 жеткенге чейин 22:04 Өзгөн району, Кароол айыл аймагы, Шералы айылы, Раимбердиев көчөсү, короодо Lanoz   үлгүсүндөгү жеңил унаадан чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Жалал-Абад облусу

11. 20-АӨКБ

1 б

1 08:39 08:44 08:46 08:57 09:15 Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү батирдин 3 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.  1ствБ
12. 20-АӨКБ

1 б

1 16:37 16:50 16:53 17:41 17:54 Жалал-Абад шаары, Москва көчөсү, ачык аянтта 30 сотых куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас облусу

14. 17-АӨКБ

1 б

1 19:03 19:21 19:45 19:55 20:20 Талас району, Козучак айылы, Турдукулов көчөсү, ачык аянтта жыйылган 1 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here