2019-жылдын 4-ноябры Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
69 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2019-жылдын 4-5-ноябрында аба-ырайы кескин өзгөрүп: көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан карга айланышы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-6-ноябрь күндөрү абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  0…5°,  күндүз 7…12° жылуу, тоо этектеринде  түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо  түнкүсүн  -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Андыктан, өлкөбүздүн тоолу унаа жолу менен жол жүрөйүн деп мерчемдеп жаткан айдоочуларга КР ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт:

— КР ӨКМдин Гидрометереология агенттигинин аба-ырайы жөнүндө маалыматты эске алууну;

— тоолу унаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;

— унаалардын кышкы даярдыкка өткөрүүнү ( дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыру ж.б.у.с.);

— аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алып алыңыз.

Өзгөчө кырдал болгон учурда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 31-октябрь  күнү телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген. 

2019-жылдын 4-ноябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз  көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1. 6-АӨКБ

1 б

1 09:06 09:16 09:29 09:53 10:03 Ленин району, Кузбакский көчөсү, ашканада муздаткыч күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

2. 3-АӨКБ

2 б

1 00:46

 

00:54

 

01:18 01:50 02:30

02:06

Свердлов району, Маяковский көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 120 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош шаары

3. 12-АӨКБ

1 б

1 17:06 17:16 жеткенге чейин 17:51 Алиев көчөсүндө ТП-021 көмөк чордону күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда.

Чүй облусу

4. 21-АӨКБ

1 б

1 07:53 07:56 08:05 08:50 08:57 Токмок шаары, Шамшы көчөсү, Токмок жылуулук ишканасынын көмүр кампасында 6 тонна көмүр күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5. 5-ӨКБ

1 б

1 22:56 22:59 23:07 23:11 23:32 Кемин району, Кемин шаары, Бозоев көчөсү №121, ашканада газ плитада тамак аш кароосуз калган жана 3 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу.
6. 2-ӨКБ

1 б

1 02:55 03:02 03:38 05:47 05:57 Панфилов району, Кайыңды шаары, Кислых көчөсү №жок, короодо 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

7. 16-АӨКБ

1 б

1 22:05 22:11 22:13 22:10 22:35 Нарын шаары,  МДС тилкесинде ачык аянтта 4 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

8. 15-АӨКБ

1 б

1 19:41 19:46 19:50 20:04 20:20 Ак-Суу району, Жолголот айылы, Табашаров көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 12 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас облусу

9. 91-ӨКБ

1 б

1 02:28 02:29 02:44 03:35 04:30 Кара-Буура району, Чолпонбай айылы, Чолпонбай көчөсү, нан жасоочу жайдын 24 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

10.       54-ӨКБ

1 б

1 07:01 07:07 жеткенге чейин 07:35 Сузак району, Көк-Жангак шаары, Свобода көчөсү, турак үйдүн электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.
11.       73-ӨКБ

1 б

1 16:29 16:34 16:44 18:02 18:28 Ала-Бука району, Ала-Бука айыл аймагы, Жаңы-Шаар айылы, жыгач устундуу тунуке жабылган сарайдын 60 чарчы метр чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ

Ош облусу

12.       68-ӨКБ

1 б

1 12:14 13:57 14:14 14:55 16:33 Алай району, Үч-Дөбө айыл аймагы, Кичи-Кароол айылы, үйдүн короосунда 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: жаш балдардын от менен шоктугу. 1ствБ
13.       71-ӨКБ

1 б

1 14:23 14:54 15:19 16:15 17:20 Ноокат району, Исанов айыл аймагы, Тескей-Кожеке айылы, Жаңы-Конуш тилкеси, үйдүн короосунда 60 түк чөп жана 3 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
14.       64-ӨКБ

1 б

1 16:48 17:00 17:15 18:20 18:55 Араван району, Анаров айыл аймагы, Жаңы-Араван айылы, Жалилов көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры 520 боо жүгөрү сабагы, 110 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Бишкек шаары

 Октябрь районунда 3-октябрь күнү куткаруучулар Асанбай кичи районунда жайгашкан №41 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

 Токмок шаарында 3-октябрь күнү куткаруучулар Шамшы көчөсүндө жайгашкан №4 үйдүн  батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here